ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 26 January 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.02.2026, 16:00го чейин.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ден соолукту, эмгекти жана өнөр жай коопсуздугун коргоо бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын өтүү үчүн ЖОЖнын бүтүрүүчүлөрү арасында тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку инженердик-техникалык билим;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуучу жана программаларды билүү (MS Office стандарттык пакети, Clipchamp кубатталат);
  • Мамлекеттик/расмий тилдерди билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болот.
  • Аткаруучулук, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук.
  • Тыкаандык, командада иштей билүү;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даярдык.

Милдеттер:

Ден соолук, эмгек жана өнөр жай коопсуздугун коргоо бөлүмүнүн стажеру:

  • Компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана подряддык уюмдарда өткөрүлүүчү эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча жыйындарга, ошондой эле жумуш орундарын пландуу текшерүүгө катышат;
  • Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча объектилерди көзөмөлдөөдө бөлүмдүн кызматкерлерине жардам көрсөтөт;
  • Өнөр жай санитариясынын нормаларына ылайык жумуш орундарындагы эмгек шарттарын контролдоодо бөлүмдүн кызматкерлерине көмөк көрсөтөт;
  • Коркунуч булактарын аныктоо боюнча иштерди аткарат жана өндүрүштүк жаракат алууну, кырсыктарды алдын алуу багытындагы профилактикалык иш‑чараларда бөлүмдүн кызматкерлерине жардам көрсөтөт;
  • Кумтөр кенинин жумуш участокторун жана объектилерин коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жагынан контролдоодо бөлүмдүн кызматкерлерине жардам көрсөтөт;
  • Коопсуз эмес аткарылып жаткан иштерди аныктайт жана алар боюнча отчеттуулукту жүргүзөт.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2026-жылдын 9-февраль күнү 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.