ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 29 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 13.05.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын студенттерин ден соолукту, эмгекти жана өнөр жай коопсуздугун коргоо бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку инженердик-техникалык билим (тоо-кен иши, металлургия, геология, өнөр жай коопсуздугу жана эмгекти коргоо).
- Компьютерди ишенимдүү колдонуучу жана программаларды билүү (MS Office, AutoCAD, Corel, Visio).
- Англис тилин билүү артыкчылык болот.
- Тыкандык, командада иштей билүү;
- Инициативдүүлүк, аткаруучулук, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук.
- Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан бийик тоо кенинде иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
Ден соолук, эмгек жана өнөр жай коопсуздугу коргоо бөлүмүнүн стажеру катышат:
- бөлүмдөрдө жана түзүмдүк бөлүмдөрдө, подряддык уюмдарда жумуш орундарын пландуу текшерүү жана эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча чогулуштарды өткөрүү;
- Кен ишканасынын объекттеринин өнөр жай коопсуздугуна жана гигиенасына тиешелүү бөлүгүндө мониторинг жүргүзүү;
- өнөр жай санитариясынын ченемдерине ылайык жумуш орундарындагы эмгек шарттарын контролдоо;
- кооптуулук булактарын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү жана өндүрүштө кырсыктарды болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
- Кумтөр кенинин объектилерин жана участокторун коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу бөлүгүндө контролдоону жүзөгө ашыруу;
- Кооптуу иштерди аныктоо;
- Кен ишканасынын объекттеринде жана участокторунда ылдамдык режимин көзөмөлдөө жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 13-майында 16:0дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.