Жарыяланган: 06 March 2026
“Кумтөр Голд Компаниде” бүгүн 300дөн ашык айым эмгектенет. Алардын ар бири компаниянын жүгүн татыктуу көтөрүп келишет.
4000 метр бийиктиктеги кен жайда айымдар табигаттын катаал шарттарына моюн бербей, мырзалардан калышпай эмгектенишсе, Бишкек, Балыкчы, Каракол кеңселериндеги айымдар жамааттын көркү эле эмес, компаниянын ишин алдыга жылдырган эң башкы күч болуп эсептелет.