БОЁК-ЛАК МАТЕРИАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

БОЁК-ЛАК МАТЕРИАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 20 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 24-июлу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди боёк-лак материалдарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен өткөрүлүүчү жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.

Сунуштарды берүү форматы

Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында даярдалып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.

Сунуштарды берүү тартиби

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү. Тиешелүү документтер төмөнкү шилтемеде жайгашкан:
    https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
  2. Баалык сунушту кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 24-июлу саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү.

Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • Баалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек;
  • Милдеттүү түрдө: сунушталган товарга сертификат (эгер сертификаттоого тийиш болсо) тиркелүүгө тийиш.

Жеткирүү орду

DDP (DAP) шарттарында, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:

  1. Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү / Элебаев көчөсү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери

Сүрөттөмөгө толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп табылат.

«№ R29287 сурамы (боёк-лак материалдары)» деген тема менен сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 24-июлу саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.

Буйрутмачы сунуштардын кайсынысын болбосун же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин тандоо жол-жобосун каалаган убакта токтотууга укуктуу. Мындай учурда ал сунуш берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.

Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол коюлуп жана мөөр менен бекитилиши керек.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунушун берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт.

Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш берүүгө укуктуу.

Баалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүүгө тийиш.

Тандоо жүргүзүлүп жаткан мезгилде берилген баалык сунуштарга өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:
Akram.Mirkarimov@kumtor.kg

Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш.

 

Тиркеме.