Таттуу бизнес

Таттуу бизнес

Жарыяланган: 03 February 2012

Регионалдык маалымат борборундагы тренингтер

Айыл жергесинде элди жумуш менен камсыз кылуу көйгөйү күчөп турганы, башкалааны көздөй, чет жакка миграциянын агымынын себеби да ушунда экени жалпыга жакшы маалым. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бул маселени чечүү жаң ы жолго коюлду. Барскоон айылындагы Кумтөрдүн маалымат борбору менен ЕБРР биргелешип элди аарычылык менен алектенүүгө шарт түзүп жатат. Балчылык кирешелүү бизнес экенин адистер тастыктап жатышат. Аарычылыкты кантип баштоо керектигин жети-өгүздүктөр өткөн аптадагы семинардан кабардар болушту.

Шибердүү жайлоого уюктарды коюп жата берсең аарылар өзү эле иштеп, бал жасай беришет, болгону маалында балын сордуруп аласың , керемет! Албетте бул тамаша, сырттан караганда бизге ушундай көрүнөт да. Ысык-Көл облусу боюнча аарычылар коомдук бирикмесинин мүчөсү Аскат Галиев көп жылдан бери аарычылык менен алектенет. Семинар өткөрүүгө мыкты адис катары чакырылган. Ал берген маалыматка ылайык облуста жалпысынан 500дөй аарычы бар. Бул кирешелүү бизнес болгону менен анын да өз түйшүгү болот.

Семинарда берилген баштапкы маалымат албетте жетишсиз. Чындап иш баштоону каалагандар аарычылар бирикмесинен бир жарым айлык окуудан өтүп, аарыларды, балчелектерди шаймандары менен сатып алууга жардам ала алышат. А.Галиевдин берген маалыматы боюнча алгачкы 10 балчелек коюуга 60 миң сомдой каражат керек. Ысык-Көлдүн балы Чили балына тең елип, жогору бааланат экен. Андыктан балды сатып өткөрүү да акыркы он жылдан бери жакшы жолго коюлган. Эң башкысы, чыгынып иш баштап алуу.

Беш айылдан кызыккандарды чакырып семинар өткөрүү үчүн жай камдаган Кумтөр маалымат борбору болсо, окутуучуну таап, анын эмгек акысын төлөп берген Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын BAS – кең ешчилердин профессионалдык кызматына демөөрчүлүк программасы. BAS долбоорунун Нарын жана Ысык-Көл боюнча башчысы Чың гыз Мааткеримов 2012-жылга ушул сыяктуу 9 семинар өткөрүлөрүн билдирди. Аарычылык боюнча семинар өткөргөн консультанттардын маянасы 200 евро чамасында бааланган.

Семинардын катышуучуларынын бири бизге жакшы таанымал коомдук активист, Тамга айылдык кең ештин депутаты Асанкадыр Чың гышбаев иш-чара боюнча ой бөлүштү:
– Бүгүнкү семинар абдан керектүү деп ойлойм. Жети-Өгүз бак-дарактуу, балчелек койгонго абдан ылайыктуу жер. Аарычылык менен негизинен орустар алектенип келишет, анткени биз кызыгып көргөн эмеспиз, маалымат да жетишсиз эле. Кыргыздар 50-60 жашка келгенде аарычылык менен алектенсе кирешелүү деп ойлойм. Өзүн жумуш менен камсыз кылып, жакындарын да тартып, үй-бүлөлүк кирешени калыптандырууга жакшы иш.
Уюштуруучуларга ыракмат, беш айылдан 5-6дан келишиптир, экиден аарычы баштаса уланып кетет. Киреше өзүбүздө экен, аарыдан айып тартпайт экенбиз. Бал радиацияга каршы турганга, көптөгөн дарылык касиеттери бар, кыскасы, кендин баары колдо. Ошого көзүбүздү ачып, Аскат
Галиев кыргызча жакшы түшүндүрүп берип атат. Аарычылыкты жаз келгиче окуп, жазында өз ыктыярдуу Ысык-Көл боюнча коомго мүчө болуп кирип, баштасак болчудай экен. Укумдан тукумга калчу иш, мен сөзсүз үйрөнөм, анан баламды же неберемди үйрөткөнгө аракет кылам.

А.Чынгышбаев айткандай, баары колдон келчү иш. Аракет кылгандар мисалы, Кумтөр уюштурган Жети-Өгүз районундагы микрокредиттик агенттиктен кредит алып, таттуу бизнес баштаса болот. Бакыт ар бир адамдын өз колунда эмеспи, атайын шарт түзүлүп жатканда колдонуп калыш керек.

А.Галиевден кең еш: “Ысык-Көлдүн балы челектен алынгандан кийин эки айдын ичинде кристаллдашып, сары майдай коюуланып кеткен касиети бар. Кристалл абалында бардык пайдалуу касиеттерин сактап турат. Сатып алганда ушундай бал тандап алың ыздар. Учурда эритилип да сатылат. Бирок анын өзгөчө шарттары бар. 45 градустан жогору эмес температурда эритилген бал жакшы. Андан ысык абалда эритилсе балдын пайдасы жокко
чыгып, кадимки карамелден айырмасы жок болуп калат”.

Айжан НОГОЙБЕКОВА
«Жаны Агым» 03.02.2012