БИЗНЕС-АНАЛИЗ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ

БИЗНЕС-АНАЛИЗ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ

Жарыяланган: 04 July 2025

ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 14-июлу, саат 12:00 чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча кызмат көрсөтүү келишиминин негизинде бизнес-анализ боюнча кызмат көрсөтүүгө сынак жарыялайт.

Сунуштарды жөнөтүү дареги:  businessanalysis@kumtor.kg

Позициянын аталышы: бизнес-анализ боюнча кызмат көрсөтүү

Милдеттүү талап

Талапкер жарыяга тиркелген тиркемелерди толтурууга тийиш.

МИЛДЕТТЕРИ

Кесипкөй бизнес-анализ кызматтарын көрсөтүү, анын ичинде, бирок чектелбестен:

  • Бизнес-процесстердин учурдагы абалын талдоо (as-is) жана көздөгөн абалды (as-is) долбоорлоо;
  • Талаптарды башкаруу, анын ичинде жыйноо, документациялоо жана текшерүү (user stories, use cases, техникалык тапшырма);
  • Альтернативалык МT-чечимдерди талдоо жана баалоо (анын ичинде CASE аспаптарын тандоо); Корпоративдик ERP-системасын модернизациялоого катышуу.
  • Долбоордун предметтик чөйрөсү жана стратегиялык максаттары менен таанышуу, кызыкдар тараптарды аныктоо, максаттар, масштабы жана бизнес-анализге ыкмаларды аныктоо.
  • Функционалдык жана функционалдык эмес талаптарды жыйноо, интервьюларды воркшопторду өткөрүү, документтерди талдоо, талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү (change management), талаптарды user stories, use cases же/жана техникалык тапшырма форматында бекитүү.
  • Талаптарды документтештирүү, иштеп чыгуу процессин формалдаштыруу.
  • Иштеп чыгуу процессин колдоо, анын ичинде функционалдык тестирлөө жана кабыл алуу.
  • Ишке ашыруунун бекитилген талаптарга шайкештигин көзөмөлдөө, долбоорлорду ишке ашыруу учурунда өзгөрүүлөрдү башкарууга катышуу.
  • Ишке ашырылган долбоорлор боюнча Буйрутмачы үчүн нускмаларды жана башка документтерди иштеп чыгуу, Буйрутмачыга консультациялык колдоо көрсөтүү.
  • Бардык кызмат көрсөтүүлөр бизнести талдоонун жана өнүгүүнү башкаруунун заманбап практикасын эске алуу менен, сапаттуу жана өз убагында көрсөтүлүүгө тийиш.

Иш аткаруучуга коюлган квалификациялык талаптар

  • Маалымат системалары тармагында 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (артыкчылыгы: тоо-кен компанияларында);
  • Талаптарды талдоо жана башкаруу, МТ долбоорлорду башкаруу боюнча кеминде 2 жыл;
  • Эң кеминде 2 бизнес чөйрөсү / мүмкүнчүлүктөрү (финансылык / МT / логистика, артыкчылыгы – тоо-кен казуу, металлургия).
  • Маалымат технологиялары, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жетилген моделдери жана долбоорлорду башкаруу методологияларын (ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) билүү;
  • Стандарттарды, талаптарды башкаруу жана сыпаттоо ыкмаларын билүү, бизнес-процесстерди моделдөө (БАБОК), пландаштырылган көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөө жана аларга жетишүү;
  • CASE аспаптарын жана бизнес-процесстерди моделдөө (DFD, IDEF, UML) колдонуу боюнча кеминде 2 жылдык тажрыйбасы;
  • Аудитти уюштуруу, талаптарды башкаруу, МТ долбоорлорду башкаруу боюнча көндүмдөр;
  • Берилиштер базасын башкаруу системаларын жана реляциялык мамилелерди түзүүнүн жалпы принциптерин түшүнүү;
  • Жогорку коммуникациялык жөндөмдөр.

Шарттары:

  • Жумуш орду: Бишкек, Ибраимов көчөсү 24.
  • Иш графиги: толук күндүк, беш күндүк иш жумасы (5/2), эмгек акысы: аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча.
  • Төлөм иш аткаруучудан электрондук эсеп-фактураны алгандан кийин 10 банктык күндүн ичинде ишке ашырылат.

Аткаруу документтерин берүү талабы

  • Паспорт;
  • Соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;
  • Жеке ишкердин патентинин же күбөлүгүнүн болушу керек;
  • Банк реквизиттери;
  • Резюме;
  • Маалымат технологиялары / долбоорлорду башкаруу, МВА / Колдонмо математика жана информатика адистиги боюнча жогорку техникалык билим.

 

Документтерди көчүрүп алыңыз:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

ОБЩИЕ УСЛОВИЯ ДОГОВОРА

Приложение №1

Приложение №2

Приложение №3

Приложение №4