БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 08 April 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 22.04.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин Жалпы маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
  • Жогорку же орто кесиптик билим (айрыкча журналистика, коммуникациялар, медиа же ага жакын багыттар боюнча алгылыктуу);
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин сүйлөө, англис тилин билүү – артыкчылык болуп эсептелет;
  • Видео жана фото жабдуулар менен иштөө боюнча негизги көндүмдөр;
  • Санариптик платформалар жана социалдык тармактар менен иштөө көндүмдөрү;
  • Коммуникабелдүүлүк, жоопкерчилик жана команда менен иштөөгө даярдык;
  • Медиа долбоорлорго катышууга жана динамикалуу чөйрөдө иштөөгө болгон каалоо.

Милдеттери:

  • КГКнын пресс-кызматына видеоконтентти уюштурууда жана даярдоодо көмөк көрсөтүү;
  • видеотартуу үчүн материалдарды иштеп чыгууда жана даярдоодо көмөк көрсөтүү;
  • пресс-кызматынын тартуу жана башка өндүрүш процессстерине катышуу;
  • кеңири аудитория үчүн маалыматты жөнөкөйлөтүлгөн түрдө берүүдө көмөк көрсөтүү;
  • санариптик каналдар жана социалдык тармактар үчүн контент даярдоого катышуу;
  • актуалдуу маалыматты ыкчам чагылдырууда көмөк көрсөтүү;
  • пресс-кызматынын кызматкерлеринин жетекчилиги алдында жана компаниянын учурдагы коммуникациялык процесстеринин алкагында тапшырмаларды аткаруу.

Такшалма шарттары:

  • Эмгек акысы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2026-жылдын 22-апрель, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.