БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 01 September 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 15.09.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин Администрация бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Менеджмент, Администрирование, Экономика, Бизнес багыттары боюнча жогорку билим;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
- Компьютерди жакшы билүү, MS Office программаларын колдонуу жөндөмү;
- Оозеки жана жазма түрдө сабаттуу сүйлөө;
- Кыргыз, орус тилдерин билүү, англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Стресске туруктуулук жана сылыктык.
Милдеттери:
- Документ жүгүртүү иштерине жардам берүү;
- Кеңсенин ички иштерин уюштурууда тапшырмаларды аткаруу (канцелярия буюмдарын заказ кылуу, түзүмдүк бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүү);
- Отчетторду жана презентациялык материалдарды даярдоого көмөк көрсөтүү;
- Корпоративдик иш-чараларды жана ички коммуникацияларды уюштурууга катышуу;
- Ресепшендеги чалууларды кабыл алуу, конокторду каттоо;
- Ар бир кабаттагы ашканалардын күнүмдүк тазалыгын жана тартибин көзөмөлдөө.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2025-жылдын 15-сентябрь, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.