БЕКИТКИЧ МАТЕРИАЛДАРЫН (МЕТИЗДЕРДИ) САТЫП АЛУУ БОЮНЧА

БЕКИТКИЧ МАТЕРИАЛДАРЫН (МЕТИЗДЕРДИ) САТЫП АЛУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 11 February 2026

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 18-февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 12:00 чейин.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК бекиткич материалдарын (метиздерди) сатып алуу боюнча котировкалык сунуштарды суроо жолу менен жеткирүүчүлөрдү тандоо процесси башталганын маалымдайт жана Сизди ушул тандоого катышууга чакырат.

  1. Сунуштарды тапшыруу тартиби

Катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү.
    Документтерге шилтеме: www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov
  2. Коммерциялык сунушту кыргыз же орус тилинде даярдап, PDF форматында, келишимге кол коюу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган түрдө жөнөтүү.
    Сунуш төмөнкү электрондук дарекке жиберилиши керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg

 

  1. Коммерциялык сунуш курамы

Төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө камтылышы керек:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары (DDP);
  • Төлөм шарттары;
  • КПнын жарактуулук мөөнөтү — кеминде 30 календардык күн;
  • Сунушталган товарга тиешелүү сертификат (милдеттүү).
  1. Жеткирүү дареги

DDP — «Кумтөр Голд Компани» ЖАК кампасы:
Кыргызстан, Бишкек ш., Л. Толстой / Элебаев көчөлөрү.

  1. Баалоо критерийлери

Жеңүүчү болуп талаптарга толук шайкеш келген жана эң төмөн бааны сунуштаган компания табылат.

Сунуштар төмөнкү тема менен жөнөтүлүшү керек:
«Запрос № R28995 крепежные материалы (метизы)»

Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү:
2026‑жылдын 18‑февралы, саат 12:00 (Бишкек убактысы)

  1. Кошумча шарттар
  • Заказчик каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу.
  • КП расмий бланкта, кол коюлуп жана мөөр басылып берилиши керек.
  • Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштар каралбайт.
  • Ар бир катышуучу бир гана КП тапшыра алат.
  • КПнын жарактуулук мөөнөтү — кеминде 30 күн.
  • Тандап алуу мөөнөтүндө сунуштарды өзгөртүүгө жол берилбейт.
  1. Байланыш үчүн

Бардык суроолор төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg

Түшүндүрмө берүү боюнча суроолор акыркы мөөнөттөн 3 календардык күн мурда кабыл алынат.

 

Колдонмолор:

№1 Тиркеме