Жарыяланган: 19 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 27-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 16:00.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү төмөнкү кызматты көрсөтүү боюнча котировкаларды суроо ыкмасы менен конкурска катышууга чакырат:
Документтер жана техникалык талаптар суроо-талаптарга тиркемелерде көрсөтүлгөн.
| Берүү форматы: | Катышууга табыштама, коммерциялык сунуштар жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилиши керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Катышуучулар табыштамаларды орус же кыргыз тилдеринде бериши керек, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө Toibaeva.Meerim@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 27-февралы, саат 16:00гө чейин жөнөтүшү керек. Башка почтага келген коммерциялык сунуштар каралбайт. Техникалык тапшырма ушул котировкаларды суроо боюнча чакырууга тиркелет. |
| Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алуу менен берилет:
• Аткаруу мөөнөтү; • Кызмат көрсөтүү шарттары; • Төлөө шарттары • Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (сураныч, максималдуу мөөнөттү көрсөтүңүз) |
| Керектүү документтер | -Тейлөө кызматтарын көрсөтүү үчүн зарыл болгон уруксаттар, лицензиялар;
– Акыркы 3 жылдагы окшош кызматтар боюнча референс тизмеси; – Юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү; – Негизги ишмердүүлүктү аныктоочу документтин (Устав) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи болуп дайындалгандыгы жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; – Техникалык тапшырмада каралган башка документтер. |
| Баалоо критерийлери | Эң төмөн бааны жана жеткирүүнүн оптималдуу мөөнөттөрүн сунуштаган сунуш тандоодон өткөн деп табылат. |
| “Баа берүү” темасы көрсөтүлгөн сунушту 2026-жылдын 27-февралы, саат 16:00гө чейин Toibaeva.Meerim@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүңүз. | |
| Буйрутмачы тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта болууга тийиш. | |
| Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилип берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү 30 календардык күндөн кем болбошу керек. Сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Бул тандоо боюнча бардык суроолорду төмөнкү электрондук почтага жөнөтүү керек: Toibaeva.Meerim@kumtor.kg | |
| Тандоо шарттарын түшүндүрүү боюнча суроолор сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 3 календардык күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек. | |