БӨБ-БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫНЫН БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  29 December 2023
                ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн БӨБ-Балыкчы өткөөл базасынын бөлүмүнө ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоону жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык, экономикалык билим (2019-жылдан 2023-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн өтүнмөлөрдү кабыл алабыз.);
 
- Компьютерди жана MS Office программасын тажрыйбалуу колдонуучу деңгээлинде билүү;
 
- Коопсуз жол кыймылын, камсыздоону жана логистиканы уюштуруу процесстерин билүү;
 
- Чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөө мүмкүнчүлүгү;
 
- Көп тапшырма режиминде тез иштей билүү;
 
- Мыкты команда жана коммуникация көндүмдөрү;
 
- Заманбап маалыматтар базасын башкаруу системаларын билүү;
 
- Маалымат чогултуу жана иштетүү көндүмдөрү.
 
Милдеттери:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу;
 
- БӨБнын АТКнын (автотранспорт каражаттарынын) мониторинг системаларын издөөгө, чогултууга, топтоштурууга, иштеп чыгууга жана талдоого көмөк көрсөтүү;
 
- Өндүрүш материалдарын жаңыртууда жардам көрсөтүү (нускамалар, инструктаждар);
 
- Мониторинг боюнча күндөлүк жана айлык отчетторду түзүүгө катышуу;
 
- Жетекчиликке отчет берүү үчүн презентацияларды даярдоо.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Балыкчы
 
- Такшалманын графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 12-январында 16.00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.