БӨТӨЛКӨДӨГҮ СУУ ЖЕТКИРҮҮ ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН ТАПШЫРУУ АРКЫЛУУ ЖЕТКИРҮҮЧҮЛӨРДҮ ТАНДОО

БӨТӨЛКӨДӨГҮ СУУ ЖЕТКИРҮҮ ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН ТАПШЫРУУ АРКЫЛУУ ЖЕТКИРҮҮЧҮЛӨРДҮ ТАНДОО

Жарыяланган: 03 February 2026

ӨТҮНМӨЛӨРДҮ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026‑жылдын 9‑февралы, Бишкек убактысы менен саат 12:00.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Сиздерди бөтөлкөдөгү суу жеткирүү үчүн баа сунуштарын тапшыруу аркылуу жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Коммерциялык сунуш (мындан ары – КC) PDF форматында тапшырылып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Тандоо катышуучулары кыргыз же орус тилиндеги КCтерди тапшыруу үчүн электрондук почта дарегине water2026@ kumtor.kg электрондук түрдө 2026-жылдын 9-февралында саат 12:00гө  чейин жөнөтүшү керек.

Бул Чакырууга сатып алынуучу товарлардын ассортименти үчүн Техникалык Тапшырма тиркелген.

Тандоого катышуу үчүн коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: ·         Жеткирүү убактысы;

·         Жеткирүү шарттары;

·         Төлөм шарттары;

·         Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү тапшырылган күндөн тартып кеминде 30 календардык күн.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Жеңүүчү — Эрежелердин талаптарына жооп берген коммерциялык сунуш жана эң төмөн баа сунуштаган сунуш болот.
Бөтөлкөдөгү сууну жеткирүү” темасын камтыган сунуштар 2026-жылдын 9-февралында Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин water2026@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү  керек.
Буйрутмачы келишим берилгенге чейин каалаган убакта кайсы бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле тандоо процессин токтотууга укуктуу, КС тапшырган тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенме албастан.
Коммерциялык сунуш компаниянын расмий бланкында жазылышы керек.
Белгиленген мөөнөттөн кийин Катышуучулар тарабынан тапшырылган коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун тапшыруу менен, катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.

Ар бир тандоо катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сунуштарды тандоо мөөнөтү  учурунда коммерциялык сунуштарга өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт.

Бул тандоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркылуу жөнөтсө болот: Olga.Turkovskaya@kumtor.kg
Тандоо шарттарын тактоо үчүн өтүнүчтөр сунушту тапшыруу мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР