АЫФнын ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 21 January 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 04.02.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК АЫФнын Пландаштыруу жана инжиниринг бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдын бүтүрүүчүлөрү арасында тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык билим (механика боюнча техникалык/инженердик);
- ТОиР принциптерин негизги түшүнүү (ТО түрлөрү, план/факт, техниканын токтоп туруусу, оңдоо иштери;
- Англис тилин билүү артыкчылык болот;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, (MS Office базалык топтому, Outlook);
- Документтер жана маалыматтар менен иштөө жөндөмү, иште тактыкты сактоо, ишти өз мөөнөтүндө аткаруу;
- Жоопкерчилик, тартиптүүлүк, үйрөнүүгө жөндөмдүүлүк, регламенттерге ылайык иштөөгө даярдык;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
- Бийик тоолуу кенде иштөөгө жакшы физикалык абалда жана медициналык жактан ылайыктуу болуу.
Милдеттер:
- Бекитилген участоктогу ТТК (техникалык тейлөө жана оңдоо) пландарын/графиктерин (жумалык, айлык) түзүүгө жана актуалдаштырууга катышуу;
- Жумуштарга наряддардын/тапшырмалардын долбоорлорун (караланган) даярдоо жана жумуштар боюнча документтер топтомун комплекттөө, архивдөө;
- Бөлүм үчүн отчетторду даярдоо (ТТК планын аткаруу, четтөөлөр, жылдыруунун себептери, ресурстарга болгон муктаждык);
- Түздөн-түз жетекчинин тапшырмаларын аткаруу.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- 2026-жылдын 4-февраль күнү, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.