АТАЙЫН ЧЫГАРЫЛЫШ: «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» МЕТАЛЛУРГДАРДЫ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

АТАЙЫН ЧЫГАРЫЛЫШ: «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» МЕТАЛЛУРГДАРДЫ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

Жарыяланган: 21 July 2025

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Башкармалыгы металлургдарды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Металлургдар күнү менен куттуктайт!

«Урматтуу кесиптештер, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Металлургдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Кесип тандоо – бул ар бир адамдын жашоосун аныктаган өзгөчө маанилүү кадам болуп эсептелет. Ал эми металлургдардын арасында бул кесипке кокусунан келип калгандар дээрлик жокко эсе. Анткени металлургдар өз кесибин аң-сезимдүү түрдө жүрөгү менен тандашат!

Дал ушул металлургдар Кумтөр кен жайын түптөөгө, өнүктүрүп-өстүрүүгө да опол-тоодой салым кошушкан. Алар атайын технологиялык жабдууларды жөнгө салууга жана сыноодон өткөрүүгө, алтын ылгоочу фабриканы курууга активдүү катышкан.

Бүгүн да Кумтөрдүн металлургдары тыным албай эмгектенип, өлкө келечеги үчүн өз салымын кошууда.

Кумтөрдүн бардык пайдасы маанилүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалып, мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө болууда.

Дагы бир жолу бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктап, сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайбыз!»