АР КАНДАЙ ЖУМУШТАРДЫ АТКАРУУЧУ (РАЗНОРАБОЧИЙ) (ЖАНГАРТ АЯНТЫ)
Жарыяланган: 12 June 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 20.06.2025, 16:00го чейин.
КЫЗМАТЫ: Ар кандай жумуштарды аткаруучу (разнорабочий)
БӨЛҮМ: Тоо-кен долбоорлор тобу
ИШ ОРДУ: «Жангарт аянты» кени
СТАТУСУ: Штаттык кызматкер
ӨТҮНМӨНҮН НОМЕРИ: KOC – 25–015
ЖУМУШ ГРАФИГИ: 14/14 (11 саат)
Кызматтык милдеттер:
- Түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу жана өз кызмат ордуна тиешелүү эмгек операцияларын аткаруу;
- Имараттарда, кампаларда жана сыртта жардамчы жана көмөкчүлүк иштерди аткаруу;
- Вахталык тургун-жайдын аймагын, кеңсе жана турак жайларды тазалоо;
- Жүктөрдү жүктөөгө жана түшүрүүгө даярдоо;
- Кеңсе жана өндүрүш жайларынан таштандыларды чогултуу;
- Таштанды челектерин таштандыдан тазалоо, дезинфекциялоо жана ордуна коюу;
- Ашпозчуга азык-түлүктөрдү даярдоого, тазалоого жардам берүү;
- Өз компетенциясынын чегинде жабдууларды оңдоого жардам берүү;
- Алынган инвентарды, атайын кийимдерди сактоо жана аларды кароо;
- Жүктөрдү ташуу, жүктөө жана түшүрүү;
- Өз иш аймагында жабдуулардын бузулушун көзөмөлдөө;
- Кызматкерлерге эмгекти коргоо жана өндүрүштүк коопсуздук боюнча иштерди уюштурууда ар тараптуу жардам көрсөтүү;
- Жыл сайын эмгекти коргоо жана өндүрүштүк коопсуздук боюнча аттестациядан өтүү.
Минималдуу талаптар:
- Орто билим;
- Тилдерди билүү: орусча – эркин; кыргызча – эркин.
Кызыкдар болгон тараптар 2025-жылдын 20-июнунан кечиктирбестен ӨТҮНМӨНҮН НОМЕРИН көрсөтүү менен Кадрлар башкармалыгына анкета тапшырышы керек.
Анкетаны жана резюмени 2025-жылдын 20-июну саат 16:00гө чейин hr.koc@kumtor.kg электрондук почтасына да жөнөтсө болот.
Анкетаны бул жерден алса болот: https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ДЕП ТАБЫЛГАН ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.