АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН КОНТРОЛДУК-ӨЛЧӨӨ ЖАБДУУЛАРЫ ЖАНА АВТОМАТТАШТЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 24 October 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Алтын ылгоочу фабрикасынын Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку техникалык билими жөнүндө диплом (багыты: “Электр энергетикасы жана электротехника (РЗиА)”, “контролдук-өлчөөчү приборлор жана аппаратура”, “инженердик системалар АЭУ ТП”, “технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана автоматташтыруу”).
  • Бардык объекттерде, ишканаларда адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практикадан өтүүсү артыкчылык болот;
  • Аспаптар жана өлчөө каражаттары менен иштөө жөндөмдүүлүгү (мультитестер, осциллограф, вольтметр, амперметр);
  • Программалануучу Логикалык Контроллер (PLC) боюнча негизги билим артыкча бааланат;
  • Электр жана электрондук схемаларды окуу, базалык билиминин болушу;
  • Жоопкерчиликтүү, командада иштей билүү, тактык жана тыкандык, деталдарга көңүл буруусу;
  • Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, CS Office, Outlook программасын билүү.

Милдеттери:

  • Алтын ылгоочу фабриканын өндүрүштүк участоктору жана айрым жабдуулары, Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу бөлүмүнүн аткарган иштери, иштөө режимдери, өндүрүштүк нускамалар, өлчөө приборлору менен таанышуу;
  • КГК объекттеринде иштеп жаткан жөнөкөй жана татаал контролдук-өлчөө жабдууларынын системаларынан жана аппаратураларынан, өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системалары менен таанышуу жана техникалык тейлөөгө үйрөнүү;
  • Бригада курамына ППР аткарууда, Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу бөлүмүнүн приборлорун жана аппараттарын оңдоодо жардам көрсөтүү;
  • Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу боюнча слесарьга жардам көрсөтүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2023-жылдын 9-ноябры саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияКРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО Следующая публикацияCТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛЫК МОНИТОРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.