Жарыяланган: 25 March 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 30-марты, саат 14:00.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКы “Ак Шыйрак” 110/10 кВ подстанциясынан “Сары-Бел” өрөөнүнө чейинки 110 кВ аба чубалгысын, “Сары-Бел” өрөөнүндө 110/35/6 кВ подстанциясын жана “Ак Шыйрак” 110/10 кВ подстанциясында 110 кВ ячейкасын курууга чектелген катышуу менен конкурс өткөрүү үчүн алдын ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Алдын ала квалификациялык тандоодон өтүүгө конкурстук табыштамага жана башка документтерге келишим боюнча өтүнмөгө жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам кол коюуга тийиш. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталууга тийиш. |
| Сунуштарды берүүнүн тартиби
|
Конкурстун Катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде сунуш берүүгө, документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана аларды электрондук түрдө SMRVLKOK@kumtor.kg электрондук дарекке 2026-жылдын 30-мартынын саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүүгө тийиш.
Техникалык тапшырма, эскиздик долбоор конфиденциалдуулук жөнүндө берилген кол коюлган макулдашуунун негизинде алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн катышуучуларга гана берилет. |
| Катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтууга тийиш: | Алдын ала квалификациялык тандоого катышууга кызыкдар катышуучулар толтурулган жана кол коюлган төмөнкү формаларды берүүсү керек (формалар тиркелген):
|
| 110 кВ тармактарында куруу, монтаждоо жана ишке киргизүү боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (аткарылган келишимдердин көчүрмөлөрүн, аткарылган иштердин актыларын тиркөө). Мурдагы келишимдердин аткарылышы боюнча сунуштар жана сын-пикирлер. | |
| 110 кВ чыңалуудагы трансформатордук көмөкчордондор, электр менен камсыздоо, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана электр берүү линияларын курууга тиешелуу деңгээлдеги жоопкерчилиги менен жана башкы подрядчынын функциялары корсотулгон лицензия; | |
| Бул долбоорду ишке ашырууга болжолдуу катыша турган инженердик-техникалык персоналдын, жумушчулардын, тийиштүү түрдө аттестацияланган квалификациялуу адистеринин жетиштүү саны жөнүндө маалымат жана КР тийиштүү органы тарабынан берилген квалификациялык күбөлүктөрдү тиркелиши керек;
Бул жумуштарды аткаруу учун жетиштуу сандагы аспаптар, жабдуулар, машиналар жана механизмдер жөнүндө маалымат |
|
| Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү; | |
| Иштин негизги түрүн аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; | |
| Акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик органдардын алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат. | |
| 2023-2024-жылдар үчүн баштапкы финансылык отчеттун сканерленген көчүрмөлөрү:
КР резиденттери учун · Б ухгалтердик баланс; · Киреше жана чыгым жөнүндө отчет; · Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет; · Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; 2023-2024-жылдарга Бирдиктүү салык декларациясы. КР резиденттери эместер учун: – 2023-2024-жылдар үчүн аудитордук отчету |
|
| Баалоо критерийлери: | Алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн деп Суралган документтердин толук пакетин берген жана бардык квалификациялык талаптарга жооп берген сунуш таанылат. |
| «ВЛ куруу-КОК» темасы менен катышууга сунуш 2026-жылдын 30-мартынын саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) SMRVLKOK@kumtor.kg электрондук почтага жөнөтүлүшү керек. | |
| Буйрутмачы талапка жооп берген катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу. | |
| Катышуу сунушу расмий бланктарда болушу керек. | |
| Алдын ала квалификациялык тандоонун катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген катышууга сунуш кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Алдын ала квалификациялык тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү 60 календардык күндөн кем болбоого тийиш. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде катышуу сунушуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбей. |
|
| Ушул алдын ала квалификациялык тандоо боюнча, бардык суроолор жана алдын ала квалификациялык тандоонун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроолор, сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн калганда электрондук почта аркылуу gulnur.shirdakova@kumtor.kg дарекке жөнөтүлүшү керек. | |