АЙДООЧУ (БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕ)

АЙДООЧУ (БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕ)

Жарыяланган: 04 July 2025

ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 11-июлу.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК айдоочу кызмат ордуна кызмат көрсөтүү келишимдин негизинде конкурс жарыялайт.

Өтүнмөлөр төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: driver.kg@kumtor.kg

Кызмат ордунун аталышы: Айдоочу (Бишкек шаарындагы кеңсе)

МИЛДЕТТЕРИ:

  • Жүргүнчүлөрдү коопсуз жана өз убагында ташууну камсыз кылуу.
  • Автотранспортту таза жана техникалык жактан иштеп турган абалда кармоо.
  • Жол баракчаларды жана керектүү документтерди толтуруу.
  • Жетекчинин транспорттук тапшырмаларын аткаруу.
  • Макулдашуу менен дем алыш жана майрам күндөрү иштөө мүмкүнчүлүгү.
  • Автотранспортко үзгүлтүксүз техникалык тейлөө жана кароо жүргүзүү.

ТАЛАПТАР:

  • «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүк.
  • Айдоо тажрыйбасы – кеминде 3 жыл.
  • Жол кыймылынын эрежелерин билүү жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү.
  • Навигациялык тутумдарды колдоно билүү.
  • Сылыктык, тактык жана жоопкерчилик.
  • Мурунку иштеген жерлеринен сунуш каттар жана тажрыйбаны тастыктаган документтерди кошо тапшыруу.
  • Резюме.

Шарттар:

  • Буйрутмачынын талабы боюнча Бишкек шаарындагы кеңседе аралыктан иштөө жана зарыл учурда Кумтөр кенине чыгуу мүмкүнчүлүгү менен иштөө графиги.
  • Кызмат көрсөтүүнүн баасы маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА