Жарыяланган: 09 November 2026
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда Кумтөр кенинин келечеги тууралуу айтып берди.
2032-жылы Кумтөрдүн Борбордук карьериндеги иштер токтоорун, оор жүк ташуучу техникалар Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө тартылаарын айтты. Ал эми Кумтөр 2050-жылга чейин толук кандуу иштей берээрин кошумчалады.
Эске сала кетсек, Кумтөр ишканасы учурда Жер астынан кен казуу, Калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорлорун жана Тоголок алтын кенин өздөштүрүүнү активдүү ишке ашырууда.