«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

Жарыяланган: 28 April 2026

Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Башкармалыгы компаниянын кызматкерлерин Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү менен куттуктайт!

​«Урматтуу кесиптештер,

​Бүгүн – Эмгекти коргоо күнү. Бул майрам жумуш ордунда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салган өзгөчө күн.

​Жумуш – бул биз билимибизди жана күчүбүздү жумшап, керектүү натыйжаларга жетүү үчүн өмүрүбүздүн көп бөлүгүн өткөргөн жер. Кандай гана жумуш болбосун, өзгөчө бийик тоолуу шарттагы алтын казуу сыяктуу физикалык жактан оор иштер бир катар тобокелдиктер менен коштолот. Муну эске алуу менен, жумуш учурунда гана эмес, эс алуу учурунда да эмгек коопсуздугу боюнча билимдерди эстен чыгарбоо зарыл. Бул өндүрүштөгү жаракаттардан алыс болууга жана «нөлдүк жаракат» көрсөткүчүнө жетүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, иш учурунда этият борлуп, коопсуздук эрежелерине абдан дыкат көңүл буруңуздар!

​Бул майрам күнү баарыңыздарга узун өмүр, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайбыз. Сак болуңуздар жана техникалык коопсуздук эрежелерин дайыма так сактаңыздар!»