2025-ЖЫЛЫ КГКнын ТАЗА КИРЕШЕСИ 706 МЛН АКШ ДОЛЛАРДАН АШТЫ

2025-ЖЫЛЫ КГКнын ТАЗА КИРЕШЕСИ 706 МЛН АКШ ДОЛЛАРДАН АШТЫ

Жарыяланган: 13 March 2026

Акыркы убакыттарда айрым адамдар тарабынан Кумтөрдө алтын казуу азайып, өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы жогорулады деген билдирүүлөр активдүү таратылууда.

Буга байланыштуу, «Кумтөр Голд Компани» 2025-жылы өндүрүлгөн алтындын көлөмү, анын өздүк наркы жана компаниянын өндүрүштүк-каржылык ишмердүүлүгүнүн башка аспектилери боюнча так маалымат берүүнү туура көрдү. ​

Баса белгилей кетүүчү жагдай, Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап алуу да татаалдашып, алтындын өздүк наркына таасир этти.

2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке алганда, бир унция алтындын өздүк наркы 1 884 долларды түздү. ​

Ошондой эле өздүк нарктын өсүшүнө дүйнөдөгү акыркы геосаясий окуялардан улам, логистиканын, күйүүчү майдын, реагенттердин, тетиктердин, электр энегриясынын, ж.б. кескин кымбатташы себеп болду.

Мисалы:

– күйүүчү майлар – 50%,

– реагенттер жана химикаттар – 70%,

– оор тоо кен жана көмөкчү техникалардын тетиктеринин баасы 30% чейин кымбаттаган. Ошондой эле логистика кыйындап, мурда үч аптада келчү товарлар үч айда жетип, транспорттук чыгымдар 106% же эки эсе өскөн,  электрэнергия 92% кымабттаган.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан 2025-жылы 12 081 кг же 388 418 унция алтын өндүрүлгөн. 2025-жылы бир унция алтындын баасы 2882,7 доллардан башталып, жыл аягында 4 612,95 долларга жеткен жана орточо баасы 3 711 долларды түздү.

Алтын өндүрүүдөн түшкөн жалпы киреше өткөн жылы 1 млрд 434,6 миллион долларга жетип, таза киреше 706 миллион доллардан ашты.

Салык жана башка төлөмдөр түрүндө 246 млн 507 миң доллар которулган.