“110/6.3 КВ «САРЫ-ТӨР» ПОДСТАНЦИЯСЫН 16 МВА КУБАТТУУЛУКТАГЫ КҮЧ ТРАНСФОРМАТОРУН ОРНОТУУ МЕНЕН КЕҢЕЙТҮҮ” БОЮНЧА

“110/6.3 КВ «САРЫ-ТӨР» ПОДСТАНЦИЯСЫН 16 МВА КУБАТТУУЛУКТАГЫ КҮЧ ТРАНСФОРМАТОРУН ОРНОТУУ МЕНЕН КЕҢЕЙТҮҮ” БОЮНЧА

Жарыяланган: 30 March 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 16-апрели, саат 10:00.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди “110/6.3 кВ «Сары-Төр» подстанциясын 16 МВА кубаттуулуктагы күч трансформаторун орнотуу менен кеңейтүү” боюнча чектелген катышуусу бар конкурс үчүн алдын ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат

Тапшыруу форматы: Конкурстук арыздан жана алдын ала квалификациялоодон өтүү үчүн талап кылынган башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу ыйгарым укугу бар адам (ишеним кат) тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы зарыл. Кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын ыйгарым укуктары ишеним каты же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Конкурска катышуучулар конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде даярдалган катышуу табыштаманы, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук форматта  Salkyn-Tor-2026@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 16-апрелинде саат 10:00гө чейин жөнөтүшү керек.

Техникалык тапшырма купуялуулук тууралуу кол коюлган келишимдин негизинде алдын ала квалификациядан өткөн гана катышуучуларга берилет.

Катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: 1.     Алдын ала квалификациялык тандоого катышууга кызыкдар экенин тастыктаган кат;

2.     Трансформатордук подстанциялар, электр жабдуулары, бөлүштүрүү түзүлүштөрү жана 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары боюнча I деңгээлдеги жоопкерчилик менен долбоорлоо жана куруу лицензиясы;

3.     Башкы долбоорлоочу жана башкы подрядчы функцияларын аткаруу үчүн I деңгээлдеги жоопкерчилик лицензиясы;

4.     110 кВ чыңалуу класстагы тармактарда долбоорлоо, курулуш-монтаж жана ишке киргизүү-жөнгө салуу иштеринде кеминде 5 жылдык тажрыйба. Акыркы 5 жылдагы 110 кВ тармактарында аткарылган иштердин тизмесин берүү зарыл.

Юридикалык жактын каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү;
Негизги ишмердүүлүк түрун аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;
Акыркы отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик органдарга болгон салыктык төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкат
2023-2024-жылдар үчүн финансы отчеттуулугунун оригиналынын скан көчүрмөлөрү:

.        Бухгалтердик баланс баракчасы;

.        Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет;

.        Акча каражаттарынын агымы жөнүндө отчет;

.        Капиталдагы өзгөрүүлөр тууралуу билдирүү.

.        Же болбосо 2023-2024-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы.

Баалоо критерийлери: Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана суралган документтердин толук пакетин камтыган сунуш алдын ала квалификациядан өткөн деп таанылган.
“Кумтөр кениндеги жер астында тоо-кен жана курулуш-монтаж иштерин аткаруу” темасы көрсөтүлгөн катышуу боюнча сунушту Salkyn-Tor-2026@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 16-апрелинде саат 10:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Буйрутмачы Келишим берилгенге чейин, каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу. Муну менен ал катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта болушу керек.
Алдын ала тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун тапшыруу менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттар менен макул экенин тастыктайт.

Алдын ала тандоо катышуучусу бир гана конкурстук сунушун бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилбейт.

Чет тилдеги арыз жана документтер берилген учурда, орус тилиндеги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө талап кылынат.

Бул алдын ала квалификациялык тандоо боюнча бардык суроолор жана түшүндүрмө алуу үчүн кайрылуулар сунуш берүү мөөнөтүнүн акыркы күнүнөн 5 календарлык күн мурун aibek.berdigulov@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.