01.08.2025 – 01.08.2026 ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТТӨ КЕН АЯНТЧАСЫНАН ТАШТАНДЫЛАРДЫ ЧЫГАРУУ ЖАНА ПОЛИГОНДОРГО ЖАЙГАШТЫРУУ ҮЧҮН ЖУМУШЧУ КҮЧҮН ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА

01.08.2025 – 01.08.2026 ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТТӨ КЕН АЯНТЧАСЫНАН ТАШТАНДЫЛАРДЫ ЧЫГАРУУ ЖАНА ПОЛИГОНДОРГО ЖАЙГАШТЫРУУ ҮЧҮН ЖУМУШЧУ КҮЧҮН ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 17 July 2025

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 28-июлу саат 17:00 чейин.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) Сиздерди (Катышуучуларды) «01.08.2025 – 01.08.2026 чейинки мөөнөттө кен аянтчасынан таштандыларды чыгаруу жана полигондорго жайгаштыруу үчүн жумушчу күчүн жана жабдууларды камсыз кылуу үчүн» кызматтарды көрсөтүү боюнча конкурска катышууга чакырат.

Сиздин сунуштар тиркелген документтер, тиркемелер, жана баа сунуштары менен бирге келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга толук укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек.

Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.

Тандап алууга катышууну каалагандардын баары чакырууга №1, №2, №3, №5, №6, тиркемелерине ылайык формаларды толтурууга, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, polygon2026@kumtor.kg электрондук почта аркылуу жөнөтүүлүшү керек.

Катышуучулар табыштамаларын электрондук электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат түрүндө тапшырышат, алардын өлчөмү 25 Мб ашпашы керек.

Биринчи топтомдун темасы «[Компаниянын аталышы] квалификациялык жана техникалык сунуштары» болушу керек; экинчи топтому үчүн «[Компаниянын аталышы] баа сунуштары» polygon2026@kumtor.kg дарекке жөнөтүлүшү керек

Конкурстук табыштаманы берүүнүн тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтом менен тапшырышат, эки топтом тең бир эле учурда берилет:

№1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзсүз берилет);

№2 топтом – коммерциялык сунуш (файлга сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш, аны биринчи этапта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).Приложение № 3

1. Биринчи этап – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо

1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Иш тажрыйбасын талдоо (акыркы эки жылдагы келишимдердин көчүрмөлөрү);
  • Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
  • Салык жана камсыздандыруу боюнча карыздардын жоктугу тууралуу күбөлүктөрдүн түп нускаларынын сканерден алынган көчүрмөлөрү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү, ошол эле учурда ишмердиктин түрү сатып алуу предметине дал келиши керек);
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
  • Ишеним кат же адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугун тастыктаган башка документ;
  • Кол койгон жактын паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
  • Акыркы 2022 жана 2023-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери (пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдын өзгөрүүлөрү жөнүндө отчет, акча агымдары жөнүндө отчет) жана БСД (Бирдиктүү салык декларациясы) менен түп нускадагы баланстын сканерленген көчүрмөсү;
  • Сот ишинин катышуусуна катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жыл, анын ичинде учурдагы жыл;
  •  Конкурстук табыштаманын катышуусун кепилдик берүү жөнүндө декларация (Чакырууга №1 тиркемеси түрүндө);
  • Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы күрөшүү жобосу (чакырууга №2 тиркеме түрүндө);

1.2. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Экинчи этапка катышуучуларга жол берилбейт:

  • Документтердин толук пакетин бербеген;
  • Сыр сөзсүз биринчи пакет менен коммерциялык сунушту берген же суроо-талап алдында сыр сөздү жөнөткөн;
  • Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
  • Конкурстук табыштаманын өтүшүнө кепилдик берген кол коюлган декларация жок болгон учурда (Чакырууга №1 тиркеме түрүндө);
  • Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларацияга кол коюлган жана коррупцияга каршы күрөшүү жобо жок болгон учурда (Чакырууга №2 тиркеме түрүндө);
  • Квалификациясы жөнүндө кол коюлган маалымат жок болгон учурда (Чакырууга №5 тиркемеси түрүндө);
  • Конкурска кол коюлган табыштама жок болгон учурда (Чакырууга №6 тиркемеси түрүндө);
  • Конкурска катышууга кол коюлган чакыруу жок болгон учурда (Чакырууга №7 тиркемеси түрүндө);
  • Документтерди Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин тапшырган учурда.
  • Буйрутмачынын Коопсуздук Кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитацияланган эмес учурда.

2. Экинчи этап – Конкурстук табыштаманы баалоо

2.1. Экинчи этапка биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.

2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.

  • Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №3 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.

2.3. Катыш жана баа боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык Тапшырманын шарттарына ылайык конкурска табыштаманы берген Катышуучу жеңүүчү болуп саналат.

Келишимди аткарууга кепилдик камсыздоонун өлчөмү жана формасы (мындан ары КАКК деп аталат)

  • Жеткирүү келишимин түзүү укугу ыйгарыла турган Катышуучу конкурстун жыйынтыгы боюнча КАКК келишиминин жалпы суммасынан 2% өлчөмүндө төлөөгө милдеттүү.
  • КАКК өтүнмөсүнүн жеңүүчүсү баш тарткан учурда, буйрутмачы кийинки катышуучу – тандалып алынган резервдик берүүчүлөр менен келишим түзүүгө укуктуу Женүүчү Катышуучу- КАККны төлодөн баш тарткан учурда Буйрутмачы кийинки Катышуучу — тандалган резервдик Берүүчу менен келишим түзүүгө укуктуу.
  • Төмөнкү учурларда КАКК Берүүчүгө 7 (жети) жумушчу күндөн кечиктирбестен Буйрутмачы ырастоосунун негизинде кайтарылып берилет:
    – Келишим боюнча бардык кепилдик милдеттенмелерди (кепилдик мөөнөт) кошо алганда, милдеттенмелерди аткаруу;
    – Форс-мажордун айынан келишимдин бузулушу.
  • КАКК төлөө үчүн банктык эсептердин реквизиттери Чакырууга №4 тиркемесинде көрсөтүлгөн.

Сиздин сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 28-июлунда саат 17:00 чейин.

  • Тандоонун Катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табыштамалар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды, анын ичинде Келишимдин шарттарын Чакырууга №5 тиркемесине ылайык макул болот.
  • Ар бир тандоо Катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
  • Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу тактоо алуу үчүн Altynai.keldikeeva@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрыла алат, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен берилиши керек. Түшүндүрмөлөр табыштама Берүүчүгө суроо-талап алынган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен өтүнүч кат аркылуу жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук табыштамаларын берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын веб-сайтында жайгаштыруу  аркылуу билдирүүгө тийиш.

Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурстун процессин жокко чыгарууга жана келишим берилгенге чейин каалаган убакта бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу.

 

Документтерди көчүрүп алыңыз:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

ДЕКЛАРАЦИЯ ДОБРОСОВЕСТНОСТИ И АНТИКОРРУПЦИОННАЯ ОГОВОРКА

ДЕКЛАРАЦИЯ, ГАРАНТИРУЮЩАЯ КОНКУРСНУЮ ЗАЯВКУ

ЦЕНОВОЕ ПРЕДЛОЖЕНИЕ

РЕКВИЗИТЫ

СВЕДЕНИЯ О КВАЛИФИКАЦИИ

КОНКУРСНАЯ ЗАЯВКА/ПРЕДЛОЖЕНИЕ ПОСТАВЩИКА