КГК ҮЧҮН ҮЙ-ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАСЫ, ЖАБДУУЛАРЫ, ЭМЕРЕКТЕРИ, ТИРИЧИЛИК, ӨНӨР ЖАЙ, БРЕНД, ТЕКСТИЛЬ ЖАНА БАШКА ТОВАРЛАРДЫ КАМСЫЗДОО БОЮНЧА НЕГИЗГИ КЕЛИШИМДЕРДИ ТҮЗҮҮ ҮЧҮН ЖЕТКИРҮҮЧҮЛӨРДҮ АЛДЫН АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО
Жарыяланган: 13 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮҮ: 2026-жылдын 24–февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (мындан ары “КГК”) сиздерди КГК үчүн үй-тиричилик техникасы, жабдуулары, эмеректери, тиричилик, өнөр жай, бренд, текстиль жана башка товарларды камсыздоо боюнча негизги келишимдерди түзүү үчүн жеткирүүчүлөрдү алдын ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат.
Квалификациялык документтерди тапшыруу үчүн негизги талаптар:
- Документтер PDF форматында тапшырылышы керек.
- Документтер электрондук почтага жөнөтүлүшү predkwalvspom2026@kumtor.kg
- Бир каттын өлчөмү 25MBдан ашпашы керектигин эске алыңыздар.
Тапшыруу үчүн талап кылынган документтер:
- Акыркы эки жылдагы окшош товарларды жеткирүү тажрыйбасын тастыктаган келишимдердин көчүрмөлөрү;
- Анкетанын толтурулган нускасы (Чакырууга №1 Тиркеме формасында);
- Жеткирүүчүнүн маалыматтарын ачуу жана өзгөртүү үчүн толтурулган форма (Чакырууга №2 Тиркеме формасында (катышуучу КГКнын жеткирүүчүлөр базасында жок болсо);
- Салык жана социалдык камсыздандыруу карыздарынын жоктугу тууралуу күбөлүктөрдүн түп нускаларынын сканерленген көчүрмөлөрү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн оригиналынын сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн жеке ишкер катары каттоо күбөлүгү же жарактуу патенттин көчүрмөсү, бул учурда ишмердүүлүк түрү сатып алуу предмети менен дал келиши керек);
- Баштапкы Уставдын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюу укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ;
- Кол койгон адамдын паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
- Акыркы эки жыл үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган бардык тиркемелер (пайда жана чыгым отчету, капиталдагы өзгөрүүлөр тууралуу отчет, акча агымдары боюнча отчет) жана БСД (Бирдиктүү салык декларациясы) менен баштапкы баланс баракчасынын сканерленген көчүрмөсү;
- Катышуучунун соттук иштерге катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жылда, анын ичинде учурдагы);
Алкактык келишимдин долбоору тиркелген (Чакырууга №3 Тиркеме).
Эгерде бул чакыруу боюнча суроолор пайда болсо, катышуучу тактоо үчүн Zarina.Andasheva@kumtor.kg электрондук почта дарегине кайрылса болот, бирок квалификациялык документтерди тапшыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 иш күндөн кечикпей. Түшүндүрмөлөр суроо алынган электрондук почта аркылуу суроо келип түшкөн күндөн үч календардык күндүн ичинде жөнөтүлүшү керек.
Эгерде бул чакыруу өзгөртүлсө, буйрутмачы квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы күнүн кийинчерээк жылдыра алат жана бул алдын ала квалификация тандоо жарыяланган https://www.kumtor.kg/ru/ расмий сайтына тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу кабарлайт.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР