«Кумтөр Голд Компани» кызматкери Нурайым Жунусова «Теңир-Тоо айымдары» төш белгиси менен сыйланды

Жарыяланган: 24 February 2017

11-февралда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Кумтөр Голд Компани» кызматкери Нурайым Жунусова «Теңир-Тоо айымдары» медалы менен сыйланды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү жана Маданият, маалымат жана туризм министрликтери, «Насаатчы», «Асылзат нуру», «Теңир-Тоо айымдары» коомдук фондулары менен биргеликте уюштурулган «Насаатчы» теледолбоору алкагында өткөн.

Иш-чара «Ыйман, адеп жана маданият жылына» арналып, кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган ар-тараптан жетик инсанды калыптандыруу жагына терең маани берүү менен уюштурулган. Аталган сыйлыкка Нурайым Жунусова өз кесибинде насаатчылыкта жетишкен ийгиликтери менен жеке инсандык сапаттары үчүн көрсөтүлгөн.

«Кумтөргө кирип калганым – жашоомдогу чоң сыйлык деп эсептейм. Бош күндөрү башка жерде да иштейм, ашпозчулардын ишинде талаптар көп, бирок коопсуздук техникасы менен эрежелерди сактоо боюнча Кумтөр баарынан жогору турат. Кесиптештерим аябай жакшы, бири-бирибизди колдойбуз, кеңешип турабыз. Учуру болсо жаштарга ыйман, ата-эненин баркын биле жүрүүгө, сыйчылдыкка үндөп турам», – деп сыйлык ээси кошумчалады.

Нурайым Жунусова компанияда үч жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенет. Кесиптешибизди сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, дагы ийгилик жаратуусуна тилектешпиз!

Предыдущая публикация«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери авиакырсыкта жабыркагандарга жардам берүү фондуна акча каражат которушту Следующая публикация«Кумтөрдүн» Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары менен тоо-кен бөлүмдөгү «А» нөөмөтүнүн кызматкерлери авиакырсыкта жабыркагандарга даректүү жардам көрсөтүштү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.