“Кумтөр” компаниясынын “Жаштар ишкерчилиги” долбоору Ысык-Көл облусунда үч жылдан бери иштеп жатат. Бул убакыт аралыгында ондогон жаш ишкерлер бизнести өнүктүрүү үчүн орточо эсеп менен беш миң долларга чейин грант алышып, жаңы жумуш орундарын түзүшкөн.