ТОРОНТО, КАНАДА – 29-январь, 2019-ж. –”Центерра Голд Инк.” компаниясы (Торонтодогу фондулук биржада “CG” символу астында таанылган) (мындан ары – Центерра), бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 2017-ж. 11-сентябрында түзүлгөн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды алдыга жылдыруу боюнча стратегиялык макулдашуу (мындан ары – Стратегиялык макулдашуу) боюнча келишилген биринчи акыркы мөөнөттү узартууга макул болгондугу жөнүндө билдирди. Биринчи акыркы мөөнөт – бул ал келгенге чейин Стратегиялык макулдашуунун күчүнө киришин алдын-алуучу бардык шарттар аткарылууга тийиш болгон дата. Бардык тараптардын макулдашуусу боюнча ал кезектеги жолу 2019-ж. 31-январынан 2019-ж. 31-майына чейин узартылды.
Компания жана Өкмөт Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирүү алдындагы алдын-алуучу калган шарттарды, анын ичинде «Кумтөргө» жер участогун колдонуу укугуна күбөлүктү кайталап берүү жана салык дооматтарын жөнгө салуу ишинде алдыга олуттуу кадам жасашты. Компания Макулдашуунун күчүнө киришин алдын-алуучу бардык тийиштүү шарттар 2019-ж. 31-январында аткарыларына үмүттөнсө да, Өкмөт мөөнөттү 2019-ж. 31-майына чейин узартуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылды жана колмпания Өкмөттүн өтүнүчүн канааттандырды. Компания мындан ары да Макулдашуунун тезинен күчкө кирүүсүн камсыздоого умтулат.
“Центерра” компаниясы жөнүндө
Центерра Голд Инк. —штаб-квартирасы Канадада жайгашкан Борбор Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы жана Түндүк Америка, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин эксплуатациялоо, иштетүү, геологиялык чалгындоо жана алуу менен алектенген алтын өндүрүүчү компания. Анда эксплуатациядаКыргыз Республикасындагы Кумтөр кен ишканасы жана Канаданын Британ Колумбиясы провинциясындагы Маунт Миллиган эки ири ишкана бар. Учурда компания алтын казып алуу боюнча дагы бир ишкананын – Түркиядагы Оксүт кен ишкананын курулушун ишке ашырууда, ал 100 пайыз компаниянын менчиги. “Центерранын” акциялары Торонто шаарындагы фондулук биржасында “CG” белгиси астында жүгүртүлөт. Компаниянын кеңсеси Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.
Кошумча маалымат үчүн кайрылыңыздар:
Джон У. Пирсон,
инвесторлор менен байланыштар боюнча Вице-Президент
(416) 204-1953
Центерра жөнүндө кошумча маалыматтар компаниянын вебсайтында www.centerragold.com жана SEDAR издөө системасында www.sedar.com жайгаштырылган.
– аягы –