«Гендердик теңчиликке карай жолдогу тоскоолдуктарды четтетүү». Раунда борбору Кигалиде үстүбүздөгү жылдын 25-27-ноябрында ушундай аталыш менен гендердик маселелер боюнча Глобалдык саммит өттү. Саммит Африка өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан Руанда өкмөтүнүн жана башка эл аралык уюмдардын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) кошо колдоосу менен уюшулган. Центерра компаниясы ЕРӨБ өнөктөшү катары компаниянын ичинде ишке ашуучу гендердик теңчилик боюнча программаларды көрсөтүү үчүн бул иш чарага катышууга жана өзүнүн делегаттарын саммитке жөнөтүүгө чакыруу алды.
Торонтодогу Центерранынын башкы кеңсесинен саммитке Башкы юрисконсульттун ассистенти жана Центерра Голд Инктин корпоративдик катчысы Венди Йу өкүл катары жиберилди. Мага Кумтөр долбоорун көрсөтүү бактысы туш келди. Венди менен биргеликте «Жумуш ордундагы бирдей укукту камсыздоо. Жеке сектордун ролу» деген темадагы пленардык талкууга катыштык жана былтыркы жылдан бери Центерранын бардык долбоорлорунда Кумтөрдө дагы аткарылып келе жаткан «Ар бирибиз лидербиз» программасы жөнүндө айтып бердик. Бул программа Центеррада жана ага караштуу компанияларда иштеген аялдар, алардын кесиптик өсүү жолундагы татаалдыктарды аныктоо, алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, өзүн-өзү баалоону жогорулатуу, өзүнүн күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо үчүн атайын иштелип чыккан. Центерра таланттуу адамдарды болушунча көбүрөөк тартып, өзүнүн бардык кызматкерлерине жынысына, расасына, улутуна жана башка уникалдуу сапаттарына карабастан бирдей мүмкүнчүлүк берүүнү каалагандыктан аталган программаны ишке ашырууда. Кызматкерлерди жалдоодо жана карьералык тепкич менен өстүрүүдө негизги критерий катары кесипкөйлүк жана өз потенциалын ишке ашырууга каалоонун болушу шарт. Быйылкы жылы “Ар бирибиз лидербиз” программасы боюнча курстан өткөн кызматкерлер так ушул багытта иштешкен. Мен алардын бири элем. Ошондуктан жетекчилик программа жана ага менин катышкан тажрыйбам жөнүндө айтып берүүгө ишеним арткан. Бул мен үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик.
Руанданын борбору Кигелиде саммитке катышуу үчүн дүйнө жүзүнөн 2000ге жакын делегат чогулган. Бул иш чарага ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн лидерлери, эл аралык өнүгүү институттарынын, жеке сектордун, жарандык коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Гендердик маселелер боюнча глобалдык саммит 2011-жылдан бери бешинчи ирет өтүп жатат. Раунда ушундай самитти өткөргөн африкалык алгачкы өлкө болду. Саммиттин негизги максаты – Африкадагы жана дүйнө жүзүндөгү гендердик теңчиликти камсыздоо жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо ишиндеги прогрессти тездетүү үчүн алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана инвестицияларды тартууга дем берүү. Самиттин ачылыш аземинде Раунданын президенти Поль Кагаме гендердик теңчиликке жетүү үчүн ириде коомчулуктун аң-сезимин, аялдарга болгон мамилесин өзгөртүү керектигин айтты. Гендердик теңсиздикти кыскартуу ар бирибиздин милдетибиз болуп эсептелет. Айтмакчы, Раундада ушул иште акыркы убактарда жакшы жакка көптөгөн өзгөрүүлөр болуп келатат. 1994-жылдагы акыркы геноцидден кийин бул өлкөдө болгон реформалар аялдардын турмушун кыйла өзгөртүп, аларга мураскерлик укугу жана менчикке ээлик кылуу укугу берилген. Андан тышкары, алар эми парламентте кеңири сунушталууда. Мисалы, Раундада гендердик маселелер жана үй-бүлөлүк маселелер боюнча министрлик бар. Өлкөнүн өкмөтү буга абдан көңүл бурат. Так ошондуктан азыркы учурда Раундадагы гендердик теңсиздик индекси боюнча Европанын Швейцария жана Франция өңдүү кээ бир өлкөлөрүнө караганда жакшы абалда деп ойлойм. Жашыл кымкап жамынган, таң каларлык таза өлкөнү жана анын меймандос жашоочуларын карап отуруп, 25 жыл мурда эле ушул жерде согуш болгонуна ишенбей кетесиң. Көптөр тарыхтын ушундай коогалуу күндөрүн билиши мүмкүн. Өлкө ушундай чайпалуудан тез эле бутуна туруп, заманбап, цивилдүү, күрдөөлдүү өнүгүп жаткан өлкөгө айланып кеткени таң калычтуу. Өлкө өзүнүн реформаларын ырааттуу ишке ашыруу менен чейрек кылымда эле ушундай жйынтыктарга жетише алды. Анын үстүнө бул реформаларда аялдардын өлкөдөгү саясий дагы, экономикалык дагы турмушундагы ролун күчөтүүгө көбүрөөк көңүл бурулган. Аялдардын парламенттеги өкүлчүлүгүнө квота киргизилген (минимум 30%), анын натыйжасында парламенттеги аялдардын саны бир топ көбөйгөн. Руанданын министрлер кабинети гендердик мамиледеги балансты дагы жакшы сактаган, сот бийлигинде аялдар дээрлик 50%ды түзөт. Саммиттин спикерлери белгилегендей, өлкөнүн кыздары жана аялдары өз жынысындагы өкүлдөрдү бийликтен көргүсү келет. Бул алар үчүн аялдар дагы мамлекеттеги башкаруу процесстеринин бөлүгү болушуна үлгү жана ишенимдүү далил боло алат. Андан тышкары, бийликтеги аялдар башка аялдардын абалын жакшыртууга багытталган реформаларды алдыга жылдырат. Бул маанилүү. Мисалы, Раундада аялдардын ишин камсыздоо максатында атайын түзүлгөн аялдардын кооперативдери бар. Саммиттин иш чараларынын алкагында биз мындай эки ишканага: кофе өндүрүү боюнча кооператив жана кийимдерди тигүү жана табигый материалдардан товарларды (өрүлгөн себет, идиш, вазалар) жана жасалгаларды даярдоо боюнча кооперативге бардык.
Дегеле Руанданын аялдары модага абдан көңүл бурушат, заманбап жана саркеч кийимдерди кийинишет. Саммитке аялдар көбүрөөк чогулгандктан, мода көргөзүү уюшулуп, саммит өткөн имаратта (Kigali Convention Centre) африкалык дизайнелердин кийимдерди жана аксессуарларды көргөзмө-сатуусу болуп өттү.
Руанда – чакан өлкө жана табигый ресуртары менен мактана албайт. Өлкө экономикасында жеңил өнөр жайы, кызмат көрсөтүү жана туризм чөйрөсү олуттуу ролду ойнойт. Туристтерге Руандада көп кызыктуу жерлер бар! Бул өлкөнүн башкы кооз сый жайы болуп анын уникалдуу жаратылышы эсептелет. Бул жерден вулкандар өрөөнүн, тоо гориллаларын жана башка африкалык жаныбарларды жана алардын табигый жашоо чөйрөсүн көрүүгө болот. Бизге бул жерден Акагера улуттук паркында болуу бактысы туш болду, анда биз жайылып жүргөн зебраларды, антилопаларды, жирафтарды, сейилдеп жүргөн пилдерди жана көлмөлөрдө эс алып жаткан бегемотторду көрдүк. Эсепсиз кооз канаттуулардын учуп жүргөнүн да байкоого болот. Абасы таптаза жана жанга жагарлык нымдуу.
Руандалыктар өзүнүн жаратылышына абдан аяр мамиле кылышат. Аны коргоп, ага кам көрүшөт. Мисалы, 2000-жылдан бери өлкөдө целлофанга тыюу салынган. Бул жерден силер көчөгө ыргытылган целлофан баштыктарды көрбөйсүңөр, анткени ал жок бул өлкөдө! Ал турсун келген туристтерге да аларды алып жүрүүгө болбойт. Ошондуктан бул өлкөгө баратканда кийим-буюмдарды кагаз же кездеме баштыкка салып алуу керек. Дүкөндөрдө товарды кагаз баштыктарга каптайт. Муну көрүп, мен: «Целлофан баштыктарды кагаз баштыктарга алмаштыруу оңой эле экен да. Экологияга пайдасы канчалык! Бизде да ушундай болсо!» – деп ойлондум. Ошондой эле Руандада жакшы салт бар. Ар бир айдын акыркы ишембисинде шаарлардын жана кыштактардын жашоочулары чогулушуп, өздөрүнүн үйүнүн тегерегин тазалап, коңшуларына жардам берип, бир нерселерди алып салат же улап берет. Тактап айтканда, ишембилик өткөрөт. Биздегидей жылына бир жолу эмес, ай сайын! Элестекиле. Бул күн Умуганда деп аталат. Эң сонун салт! Өлкөнү таза кармашат, адамдарды да жакшы жакка тарбиялашат. Айтмакчы, Руанда жашоочуларынын баалуулуктары Центерра менен Кумтөрдүн баалуулуктарына окшош: «Үзгүлтүксүз жакшыртуу», «Биздин келечек – биримдикте», «Ак ниеттүү ишкана» жана натыйжасы – «Максаттарга ийгиликтүү жетишүү». Жалпысынан, африкалык чакан өлкө үйрөнүп жаткандардын арасында биз менен кандайдыр бир жалпылык бар.
Руанда мага абдан жакты жана мен күткөндөн да жогору болуп чыкты. Чынын айтсам, мага аталган өлкөгө барып келүүнү сунуштаганда коркком. Баары бир Африка да! Биз бала кезде «Африка жаман, Африка коркунучтуу» деген ойду кулагыбызга куюп коюшса керек. Ал жак кир, коопсуз жана инфекциялар көп деп ойлогом. Ошондой эле «Африкада балдар ачка жүрүшөт» деген сөз да бар эмеспи. Руанда, албетте, бүткүл Африка эмес, анын бир өлкөсү, болгондо өнүккөн өлкөсү (аны «Африканын Швейцариясы» деп коюшат), бирок чынын айтканда, алардын көчөсүнөн бир дагы жакыр адамды, бир дагы кайырчыны көргөн жокмун. Ооба, адамдар мага кызыгып карап жатышты, балким мен алардан айырмаланып турдум. Айрымдары келип, өз товарын сатып алууну сунуштады, бирок эч ким чуркап келип акча сураган жок. Руандалыктар чакан, бирок өздөрүнө жана башкаларга урмат менен мамиле кылган намыстуу эл. Ал жактын адамдары окушат, иштешет, өз ашоосун жана өлкө турмушун жакшыртууга аракет кылышат, ошондой эле табият менен таттуу мамиледе болушат. Алар өз тарыхын унутпайт, салттарын урматтайт, аны менен бирге келечекке умтулуп, жетишкендиктерге токтоп калбай андан ары өнүгүүгө аракет кылышат. Ийгиликтүү өнүгүүнүн өбөлгөсү – дал ушунда.
Саммит темасына кайрылсак, Руанда өкмөтү гендердик теңчилик маселесине абдан чоң көңүл бургандыктан, өлкө ушунчалык тез жана ийгиликтүү өнүгүүдө. Африка өнүгүү банкынын президенти Акинвуми Адесина (самиттин негизги уюштуруучусу) айткандай: «Бир дагы канаттуу жалгыз канаты менен уча албайт. Аялдарды колдойлу, алар гүл сыяктуу кулпурсун, ошондо биздин бизнес жана биздин өлкө гүлдөйт». Абдан туура ой. Эфиопанын президенти Сахлеуорк Зеуденин саммиттин ачылышында аялдарга айткан: «Бул биздин мезгил! Аны өткөрүп жибербегиле»» деген сөзү эсимде калыптыр. Бирок үй-бүлө менен жумуштун ортосундагы балансты сактап жана жан дүйнөгө жага турганды таап, аялдардын каржылык жактан көзкарандысыздыгын камсыздоо керек. Гендердик маселелер боюнча глобалдык саммитке катышуу мен үчүн жакшы тажрыйба болду жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген делегаттар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берди. Гендердик теңсиздик маселеси көптөгөн өлкөлөрдө абдан курч бойдон турат, үй-бүлөдөгү зомбулуктан баштап жумуштагы кодулоого жана эмгек акынынын бирдей эместигине чейин кеңири спектрди кучагына камтыйт. Бул проблемаларды чечүүнүн үстүндө комплекстүү жана системалуу иштөө керек. Биздин компанияда бул маселеге көңүл бурулуп, атайын программалар ишке ашат.
Жыйынтыктап жатып, биздин компаниянын жетекчилигине көрсөткөн ишеними үчүн жана мага саммитке даярданып жаткан учурда жардам берген бардык коллегаларыма – транспорттук кызмат көрсөтүү бөлүмүнө ташууларды жана визалык колдоону көрсөткөнү үчүн, медиа бөлүмгө саммиттин маалымат аянтчасында көрсөтүлгөн «Ар бирибиз лидербиз» программасы боюнча постерлерди жана видеоматериалдарды даярдоого көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирем.
Коллегаларымдын баарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, өзүбүзгө жана үй-бүлөлөрүбүзгө ден соолук, тынчтык жана жакшылык каалайм! Өзүңөргө ишенгиле! Активдүү болуп, өз жашооңорду өзүңөр каалагандай жасагыла!
Урматым менен,
Элеонора