Тоо-кен клубунун экинчи жыйынында Кыргыз Республикасынын эл аралык CRIRSCO стандартына өтүүсү тууралуу маселе талкууланды

Жарыяланган: 24 June 2022

Бишкекте Тоо-кен клубунун экинчи жыйыны өтүп, анда эксперттер, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн ири тоо-кен компанияларынын өкүлдөрү тармактагы абалды, Тоо-кен кодексин кабыл алуунун жол картасын жана биздин өлкөнүн CRIRSCO системасына кошулуу демилгесин талкуулашты.

«Тоо-кен тармагында кеңири колдонулуп жаткан кендердин запастары боюнча отчеттуулуктун CRIRSCO эл аралык стандартына өтүү зарылдыгы, азыркы мезгилде советтик стандарттардын эскирип калгандыгы менен шартталууда. Мындан тышкары, азыр Кыргызстанда көптөгөн чет элдик тоо-кен компаниялары иштеп, жергиликтүү компаниялар дагы тышкы рынокко чыгып, көптөгөн кыргызстандык адистер эл аралык эксперттерге айланууда”, – дейт CRIRSCO өкүлү Бат-Эрдэнэ Даш.

Жыйындын катышуучулары Кыргызстандын CRIRSCO системасына кошулуусу – өлкөбүздүн тоо-кен тармагындагы так жана ачык-айкын эрежелерди түзүүгө жардам берип, Кыргызстандын ресурстук базасын түзүүгө жагымдуу таасирин тийгизерин белгилешти.

Ошондой эле жер казынасын пайдалануу тармагын жөнгө салуучу мыйзамдардын бардык бөлүгүн жаңылоо маселесине дагы өзгөчө көңүл бурулду. Учурда өлкө экономикасынын алдыдагы ондогон жылдардагы негизги багытын аныктоочу жаңы Тоо-кен кодексин иштеп чыгуу боюнча абдан чоң иштер жасалууда.

«Бүгүнкү күндө эксперттик коомчулуктун эң маанилүү максаттарынын бири – эски мыйзамдардын кемчиликтеринен арыла турган жаңы Тоо-кен кодексин иштеп чыгуу. Биз азыр совет доорунда жазылып, эгемендүүлүк алгандан бери аз-маз оңдолгон мыйзамдарды, жоболорду колдонуп жатканыбыз эч кимге жашыруун эмес. Биз эл аралык жогорку стандарттарга гана жооп бергидей иш алып барып, дүйнө менен бир тилде сүйлөшкүдөй болушубуз керек. Бул инвесторлорду тартуу үчүн эле эмес, эффективдүү иш алып баруу үчүн да зарыл», – деди «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин президенти Теңиз Бөлтүрүк.

Маалымдама: Кыргызстандын Тоо-кен клубу “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдингинин президенти Теңиз Бөлтүрүк жана Жер казынасын пайдалануу боюнча эксперттер коомунун демилгеси менен ушул жылдын башында түптөлгөн. Клуб – бул тоо-кен тармагынын адистери үчүн бейформал баарлашуу аянтчасы катары түзүлүп, көз карандысыз эксперттер тарабынан ар кандай формаларда жана форматтарда Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдалануунун абалына аналитикалык талдоо жүргүзүлөт. Ошондой эле өлкөбүздүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча мыйзамдык демилгелерди жана сунуштарды иштеп чыгат. Тоо-кен клубунун биринчи жыйыны 2022-жылдын 21-январында өткөн.

Предыдущая публикацияКумтөрдүн адистери кендин борту тыкыр көзөмөлдө экенин билдиришти Следующая публикация«Кумтөр» студенттер арасындагы «Ботаникалык бак: Башаттан келечекке карай» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.