КГК маалыматтык билдирүүсү

Жарыяланган: 02 December 2019

«Кумтөр» кенинде бош тек үйүлгөн жерде жер көчкү жүрдү.
Бош тектин кыймылга келиши Лысый суусунун өрөөнүндөгү үймөктө болду. Жыйынтыгында, ошол участокто иштеп жаткан компаниянын эки кызматкери жыйналуу пунктуна кайрылып келбей, дайынсыз жоголду деп табылды. Центерра Голд менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын учурдагы эң башкы милдети дайынсыз жоголгондорду издөө жана куткаруу иштери аркылуу табуу. Бул иштер КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешип аткарылууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 2019-жылдын 1-декабрында, таңкы 5:43тө «Кумтөр» кенинде Лысый суусунун өрөөнүндөгү бош тек үймөгүнүн түндүк бөлүгү кескин кыймылга келген. Компания кооптуу аймактан тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн кызматкерлерин дароо эвакуациялап баштап, бардык тоо-кен иштерин токтоткон.
Компанияда болгон окуя боюнча бардык тиешелүү мамлекеттик көзөмөл органдары, дайынсыз жоголгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү дароо кабарланган. Учурда издөө жана куткаруу иштери уланууда.

Ачык тоо-кен иштери убактылуу токтотулуп, тоо иштеринин пландары жаңыртылууда. Компания издөө жана куткаруу иштери соңуна чыкмайынча жана жаңыланган тоо-кен иштеринин планы даяр болмоюнча тоо-кен иштери кайра качан башталары боюнча маалымат бергенден баш тартат.

Предыдущая публикация«Кумтөр» командасы Эл аралык ишкерлер кеңешинин сүйлөшүүчүлөрдүн турнирине катышты Следующая публикация«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК («КГК») Ысык-Көл облусунда катталган мекемелерди чоң жүк ташуучу техникасынын (экскаваторлор, бульдозерлер жана грейдерлер) асылма жабдууларын жана компоненттерин калыбына келтирүү боюнча кызматташууга чакырат
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.