«Ар-Намыс» партиясынын лидери Ф.Ш.Кулов мырзанын www.vb.kg веб-сайтында жарыяланган “2009-жылы кен ишканасындагы кайра иштетүүчү объект (завод) кыргызстандык да, канадалык да тараптын активдеринен жок болуп кеткендиги…” жөнүндө, ошондой эле “бул биздин актив, бирок азыр ал эч жерде документтер боюнча өтпөйт. Биздики катарында да, Центерраныкы катарында да…” деген сөздөрүнө байланыштуу компания депутат айтып жаткан алтын ылгоочу фабрика «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын (мындан ары КГК) активи болуп санала тургандыгын жана КГКнын балансында турганын түшүндүрүү зарыл деп эсептейт.
Фабриканын бирдиктүү мүлк комплексин түзгөн транспорт, жабдуулар жана механизмдер негизги каражаттар катарында алар Кыргыз Республикасында да кабыл алынган Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) эсепке алуу эрежелерине (ФОЭСтин Лондон шаарындагы (Улуу Британия) Башкармалыгынын фонду тарабынан басып чыгарылат www.ifrs.org) ылайык эсепке алынат. КГК улуттук мыйзамдарды, атап айтканда, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” жана “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын карманат жана ФОЭСтин эл аралык стандарттары боюнча отчеттуулук жүргүзөт.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы Канаданын мыйзамдары боюнча түзүлгөн «Центерра Голд Инк.» жарыя компаниясынын туунду компаниясы болуп саналат. «Центерра Голд Инк.» компаниясынын акциялары Торонтодогу фодулук биржада жүгүртүлгөндүгүнө байланыштуу компания фондулук биржанын жана башка жөнгө салуучу органдардын талаптары боюнча эсепке алуунун, ачыктыктын жана финансылык отчеттуулуктун жеткиликтүүлүгүнүн талаптагыдай деңгээлин камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди тартат. «Центерра» ошондой эле ак ниет корпоративдик башкаруунун эрежелерин да карманат жана ФОЭСтин эл аралык стандарттары боюнча отчеттуулук жүргүзөт.
КГКнын жана «Центерра Голд Инк.» компаниясынын финансылык отчеттуулугу ар жылы дүйнөлүк аудитордук компаниялар тарабынан текшерилет, алар активдердин сакталгандыгын тастыкташат. Демек, Ф.Ш.Кулов мырзанын жогоруда айтылган билдирүүлөрү чындыкка таптакыр дал келбейт.
Финансылык отчеттуулук жана «Центерра Голд Инк.» компаниясынын активдери жөнүндө башка кошумча маалымат корпоративдүү сайтта: http://www.centerragold.com/investor-center/financials, ошондой эле SEDAR маалыматты электрондук издөө системасында: www.sedar.com жеткиликтүү.
Кумтөр кенинин запастары боюнча чындык эмес маалымат да коомчулукту адашууга түртөт. Кендин запастары жана ресурстары боюнча маалыматтар компания тарабынан 2014-жылдын 10-февралында жарыяланган жана www.kumtor.kg корпоративдүү сайтында жеткиликтүү. Жарыяланган маалыматтар: запастар – 8,5 млн. унция же 264,8 тоннадай алтын жана ресурстар – 2,65 млн. унция же 82,4 тоннадай алтын.
Запастар менен ресурстардын көлөмү «Центерра» тарабынан Канаданын улуттук 43-101 стандартына, башкача айтканда, көптөгөн эл аралык тоо-кен компаниялары жетекчиликке алышкан нормативдерге ылайык эсептелген. Запастар менен ресурстардын көлөмдөрүнүн көрсөтүлгөн эсептөөлөрү 2026-жылы кен ишканасын жапканга чейин жүргүзүлө турган тоо-кен иштерине колдонула тургандай жүргүзүлгөн жана бул мөөнөт өткөндөн кийин тоо-кен иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн эсепке албайт. Андан тышкары, «Центерранын» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен консультацияларынын жүрүшүндө жогоруда келтирилген эсептөөлөр “Кумтөр” долбоорун реструкташтыруу жөнүндө макулдашуунун алдын-ала негизги принциптерин түзүү үчүн негиз болушкан.
Ар-Намыс» партиясынын “Кумтөр”долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы (мындан ары – “ЖШМны ратификациялоо жөнүндө мыйзам”) күчүн жоготту деп таануу сунушуна карата компания 2014-жылдын 31-январында билдирүү жасаган жана төмөнкүнү эске салуу зарыл деп эсептейт: 2009-жылдагы макулдашуулардын жана “ЖШМны ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын” негизинде долбоорго өзгөчө, Кыргыз Республикасы үчүн пайдалуу салык режими колдонулган. «Кыргызалтын» ААКсы «Центерранын» 43 миллиондон ашуун акциясын (350 миллиондон ашуун АКШ долларына бааланган) алган, «Центерра» Кыргыз Республикасынын пайдасына 22,4 млн. АКШ долларын төлөп берген, ошондой эле 2009-жылдан баштап “Кумтөр” долбооруна 1 млрд. ашуун АКШ долларын кошумча инвестициялаган. Мына ошентип, «Центерра» жана анын акционерлери 2009-жылдагы макулдашууларда, ошондой эле ал макулдашуларга юридикалык күч берген “ЖШМны ратификациялоо жөнүндө мыйзамда” камтылган кепидиктерге ишенишкен.