«Ар-Намыс» фракциясына жооп

Жарыяланган: 05 March 2014

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ар-Намыс» фракциясынын ММКларда жарыяланган акыркы билдирүүсүнө байланыштуу, «Кумтөр Голд Компани» реструкташтыруу маселеси боюнча төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

2003-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кумтөр» долбоорун реструкташтыруу боюнча иш чараларды бекиткен токтом кабыл алынган. Реструкташтыруу учурунда тараптардын ар биринин өздөрүнүн финансылык жана юридикалык маселелер боюнча эл аралык кеңешчилери болгон. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү финансы маселелери боюнча Standard Bank of London жана юридикалык маселелер боюнча Blake, Cassels & Gradon компанияларынын кызматтарынан пайдаланган, а реструкташтыруу боюнча тараптар макулдашышкан жана бекитишкен иш чаралар алар тараптардын ар бирине карата адилеттүү катары таанылган шарттарда түзүлгөн. 2004-жылы июнда аяктаган реструкташтыруунун шарттары ачык архивдерде бар жана акцияларды баштапкы жайгаштыруусуна байланыштуу «Центерра Голд Инк.» компаниясынын 2004-жылдын 22-июнунда даярдалган жана чыгарылган проспектинде кеңири сүрөттөлүп жазылган. Ал проспект www.sedar.com сайтында SEDAR системасында бар жана бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү.

«Ар-Намыс» фракциясы козгогон башка маселелер буга чейин компания тараыбынан комментарийленген. Эгерде фракциянын өкүлдөрү дагы кеңири маалыматка мутаж болушса, компания жолугушуу өткөрүүнү сунуштайт, анда компаниянын жетекчилиги жана адистери фракциянын өкүлдөрүн кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Предыдущая публикацияСаруу айылынын мектебинде “Кумтөрдүн” каражаттарынын эсебинен ремонттолгон спорт залы ачылды Следующая публикация«КУМТӨР» САРУУЛУКТАРДЫН СУРАНЫЧЫН АТКАРДЫ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.