Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) 2019-жылдын үчүнчү чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты. 2019-жылы тогуз ай ичинде “Кумтөрдɵ” 451 679 унция1 же 14 048,8 кг алтын өндүрүлүп, компаниянын салыктары жана милдеттүү төлөмдөрдү 10,79 миллиард сомдон ашкан.
Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
2019-ж. III чейрегинде «Кумтөр» кениндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү 150 305 унцияны же 4 675,01 кг түзсɵ, ɵткɵн жылдын ушул мезгилинде бул кɵрсɵткүчтɵр 122 445 унция же 3 808,47 кг болгон. Бул чейректе жетишкен ɵндүрүштүн ɵсүшү №18 жана №19 жумуш зоналарынан алынган алтын курамы байыраак кендин иштетилүүсүнɵ жана анын ылгоо коэффициенти жогору болуусуна байланышкан, ал эми 2018-ж. III чейрегинде №17 жумуш зонасынан жана Сарытөр кенинен алынган алтын курамы азыраак кен иштетилген. 2019-ж. III чейрегинде АЫФта иштетилген кендин орточо баштапкы алтын курамы 3,8 г/т, ал эми ылгоо коэффиценти 84,8% түзсɵ, 2018-жылдын ушул мезгилинде бул кɵрсɵткүчтɵр 3,0 г/т жана 79,0% түзгɵн.
2019-ж. III чейрегинде 160 088 унция, же 4 979,30 кг алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2019-ж. III чейрегинде 234,4 млн долларды2 түздү.
“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз кана “Кыргызалтын” ААКы ээ.
2019-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн комплекстүү келишимдин күчүнө толук кирүүсүн алдын алуучу бардык шарттар аткарылды жана 2019-жылдын 26-августунда Стратегиялык келишим күчүнө кирди.
Геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыктары
“Кумтөр” кениндеги геологиялык чалгындоо иштери Борбордук карьердин капталдарында кошумча минерализация аймактарын табууга багытталган. Кенди иштетүү мɵɵнɵтүн узартуу үчүн ɵзгɵчɵ кɵңүл “Хоккей клюшкасы” зонасына жана “SB” зонасынын тɵмɵнкү горизонтторуна бɵлүнгɵн. Ошондой эле, геологиялык чалгындоо иштеринин максаты ачык ыкма менен иштетүү ресурстарын кɵбɵйтүү үчүн Борбордук карьердин түндүк-чыгыш боорундагы, Борбордук жана Түштүк-батыш карьерлеринин ортосундагы, ошондой эле, Сарытөр участогунун капталындагы жер бетине чыккан зоналарынын минерализация потенциалын тактоо. 2019-жылдын III чейрегинде бардыгы 67 алмаз бур скважиналары бургуланып жалпы узундугу 18 215 метрди түзгɵн, жана анын ичине «Хоккей клюшкасы» зонасындагы запастарды тактоо максатында тыгыздап бургуланган 11 472 метр да кирген.
Бургулоонун натыйжалары менен бургулоо скважиналары жайгашкан маалымат жана Кумтөр кенинин картасы SEDAR (Канаданын электрондук маалымат талдоо жана издөө) системасына www.sedar.com жүктɵлгɵн жана www.centerragold.com веб-сайтында жеткиликтүү.
Финансылык жыйынтыктар
2019-жылдын 30-сентябрына карата, ɵткɵн жылдын үчүнчү чейрегине салыштырмалуу “Кумтөрдүн” Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражаты жана операциялык ишмердиктин кирешеси ɵткɵн жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 64% жана 147% өскөн. Бул өсүш сатылган ɵндүрүмдүн кɵлɵмү жогорулашына, алтынды сатуу баасынын жогору болуусуна жана сатылган продукциянын өздүк наркынын тɵмɵн болуусуна байланышкан. 2019-жылы өндүрүштүк акчалай агым 2018-жылга салыштырмалуу 31,1 млн долларга аз, бул 62,6 млн АКШ доллары ɵлчɵмүндɵгү Кыргыз Республикасынын бюджетине тɵлɵнгɵн жɵнгɵ салуучу тɵлɵмдɵрдүн себебинен болгон.
Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерине жумшоолор 2019-ж. III чейрегинде 51,1 млн долларды түзүп, 2018-ж. ушул мезгилине салыштырганда 2 млн долларга кыскарган. Жумшоолор тоо-кен иштери азайып, ажана ташуу аралыгы кыскарганынан улам, күйүүчү дизель майына кеткен чыгымдардын азайышынан (3,7 млн доллар) кыскарган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу (1,7 млн) калыбына келтирүү иштерине жумшоолордун ɵсүшү менен түзɵлүп кеткен.
Фабрикалык жумшоолор
2019-ж. III чейрегинде фабрикалык жумшоолор 18,4 млн долларды түзду, 2018-ж. III чейрегинде 17,0 млн түзгɵн. Бул ɵсүү 2019-жылда пландалган жартылай майдалоо тегирмени, шар тегирмени жана ультра майдалоо тегирмендерин оңдоо чыгымдарына байланышкан.
Кен күтүү жумшоолору
2019-ж. III чейрегинде кен ишканасын күтүү жумшоолору 11,5 млн долларды түздү, ал эми 2018-ж. 12,1 млн долларды түзгөн. Кыскаруу келишимдик кызмат көрсөтүү жана жана лагерди камсыздоого жумшоолору азайгынына байланышкан.
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы
2019-жылдын III чейрегинде эскирүүгө, начарлоого жана азаюуга акчалай эмес чыгымдарды эске алганга Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы 111,8 млн долларды түздү, ал 2018-жылкыга салыштырмалуу 29%га көп. Бул сатуу көлөмү өсүп, кыртыш ачуу иштеринин капиталдаштыруунун азаюусуна байланыштуу.
Негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор
Негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор4 орто-аралык продуктунун негизинде сатылган продукциянын унциясына карата саналып, дүң киреше салыгын эсепке албаганда, 2019-ж. III чейрегинде 626 долларды түздү, 2018-ж. ушул мезгилинде 662 долларды түзгɵн. Бул кыскаруу продукцияны сатуу кɵлɵмүнүн ɵсүшүнɵ байланышкан. Дүң киреше салыгын эсепке алуу менен бул көрсөткүч 2019-ж. III чейрегинде 831 долларды түздү, ал эми 2018-ж. ушул маалында да 831долларды түзгɵн болчу. Негизги фонддорду колдоого жыйынды жумшоолордун4 азайышы 2019-ж. III чейрегинде сатылган продукциянын кɵлɵмүнүн ɵсүшү дүң киреше салыгынын жогорулашы менен компенсацияланат.
Кыргыз Республиксынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар
2019-жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 10,79 миллиард сомду түздү.
Комментарий
«Центерранын» Президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп белгиледи: «Биз ушул чейректе ɵндүрүштɵгү олуттуу коопсуздук кɵрсɵткүчтɵрүнɵ жетиштик, мисалы, «Кумтɵр» кени бир жыл бою жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ ийгиликтүү жетишти. Ушундай сыяктуу ийгиликтер жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ жетишүү Центерра үчүн аткарып жана жетише ала турган максат экенин билдирет. Мындай кɵрсɵткүчтɵр биздин жалпы кызматкерлерибиз «Центерранын» «Work Safe – Home Safe» коопсуздук программасын кынтыксыз колдоорун кепилдеп, биздин баалулуктарды жана туруктуу өнүгүүбүздү үзгүлтүксүз бекемдɵɵгɵ жана ɵркүндɵтүүгɵ жалпыбыздын жана ар бирибиздин багыт алуубуз керек экенин билдирет».
«Кумтөр» кени Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери өндүрүштүк ишмердик башталгандан тартып 2019-жылдын 30-сентябрына чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 12,5 млн унцияга алтын өндүрүлгөн.
«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.
«Центерра» дүйнөдɵгү алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алектенген канадалык компания жана Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар. Азыркы учурда Түркияда өзүнүн жаңы Оксүт кенин куруу үстүндɵ жана Канаданын эки кенин: Кемесс жана Гринстоун (50% акция) долбоорлорун иштетүүдɵ. Ошондой эле Канада, Финляндия, Мексика, Швеция, Түркия жана АКШда биргелешкен геологиялык чалгындоо ишканаларын сатып алууга опциондору бар.
Андан тышкары Компания молибден түзүмдөрүнө кирген бир катар активдерге ээлик кылат: АКШда жайгашкан “Лангелот” тоо өнөр-жай комплекси менен “Томпсон Крик” кени, жана Британ Колумбия (Канада) провинциясындагы “Эндако” кени.
«Центерра Голд» «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.
Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жыл, 14-ноябрга карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 637 млн доллардан ашты.
«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2019-жылдын III чейреги боюнча пресс-релиз www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.
Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.
Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com
– Соңу –