«Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти жана башкы кызмат адамы Ян Аткинсон Бишкекке иш сапары менен келди. 2013-жылдын 12 – 14-февралында ал «Кыргызалтын» ААКсынын жетекчилиги, өкмөттүк сүйлөшүү жүргүзүүчү топтун мүчөлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен жолугушту. Бул жолугушуулардын максаты “Кумтөр” долбоорун талкуулоо жана жөнгө салынбаган проблемаларды чечүү болгон.
Аткинсон мырза жана Премьер-министр “Кумтөр” долбоору Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экендиги менен макул болушту жана долбоорду андан-ары ийгиликтүү жүзөгө ашырууну улантуу максатында өздөрүнө учурдагы болгон проблемаларды өз ара пайдалуу чечүү жана пикир келишпестиктерди жөнгө салуу милдеттенмелерин алышты. Аткинсон мырза ал адилет жана “Центерранын” бардык акционерлеринин кызыкчылыктарында болгон чечимди издөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Тараптар “Кумтөр” кен ишканасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу зарылдыгын тастыкташты жана мындан аркы консультациялар долбоордун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлө тургандыгын түшүнүүгө келишти.