МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ БЕЛЕК

Жарыяланган: 03 October 2011

Бишкекке жакын жайгашкан анча чоң эмес Аламүдүн шаарчасы үчүн өткөн кылымдын ортосунан бери билим берүү борбору катарында №2 орто мектеп – тегеректеги жалгыз мектеп кызмат кылчу. Аны Жеңиштен кийин – 1945-жылы курушкан. Анын парталарынан жергиликтүү жашоочулардын канчалаган муундары билим алышты. №2 мектепте аны өзү 1969-жылы бүтүргөн Надежда Соловьеванын эки уулу окуган, эми неберелери бул салтты улантышууда. Бирок кийинки муундагы айылдыктар таптакыр эски, кулап калчудай болгон имаратта: чатыры бузула баштаган, кыртыш суулары полун каптаган мектепте парталарга отурушту. Мындай класстарда болуу өтө коркунучтуу болгон.

«Биздин астыбызда бир суроо турду – балдарды башка мектептерге которуу же аларды бул жерде калтыруу. Биздин мугалимдер курамы күчтүү, жамаат алда канча калыптанып калган. Биз балдарыбыз өз мектебинде окушун кааладык», – дейт Надежда Петровна. Мугалимдер билим үчүн сөздүн түз маанисинде күрөшүштү: спортзалдын кийим чечүүчү бөлүгүн, жада калса курулуш вагончолорун да кабинеттерге айландырышты. Сабактардын ортосунда мектепти авариялык деп табуу жана жаңысын куруу өтүнүчү менен чиновниктердин эшигин жыртышты. «Мындай тар жерде мугалим окуучуларга сабактан тышкары убакта тийиштүү көңүл бура алган эмес. Бирок биз жардам болоруна ишенгенбиз жана балдарыбызды алып кеткен жокпуз», – деп кошумчалайт Надежда Соловьева.

2006-жылы №2 орто мектептин эски имаратын жаап жана бузуп салышты. Имаратта окуу коркунучтуу болуп калган. Мектеп окуучулары 1970-жылдары кошумча курулган имаратта окууну улантышты, анан да бир нече курулуш вагончолорун «класстарга» айландырышты. 2007-жылы жаңы имаратты курууга бюджеттен алгачкы 9,3 миллион сом бөлүндү. Бирок, кийинки жылдары финансылоо кескин азайды. 2008-жылы объектти курууга 3,3 миллион, 2009-жылы – 4,8 миллион, 2010-жылы – 4 миллион, 2011-жылы – 9,5 миң сом келип түшкөн. Курулушту бөлүп-бөлүп финансылоо чынында анын реалдуу бүтүрүлүшүн создуктуруп, болгону жүрүп жаткандай гана түр көрсөткөн. Беш жыл бою вагончолордогу жана спортзалдын кийим чечүүчү жайындагы окуу процесси токтотулган жок. Эгерде 2011-жылы Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандын 27 мектебинин курулушуна жана реконструкциялоого 10 миллион доллар бөлбөсө, бул дагы канчага созулмагын болжолдоого гана болот. Бактылуулардын катарына Аламүдүндөгү №2 орто мектеп да кирип калды.

Мугалимдер күнүнүн – 10-октябрдын алдында «Центерранын» президенти Стивен Ланг, КРнын билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана «Кыргызалтын» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Осмонбек Артыкбаев №2 мектепте болушту.

Канат Садыковдун сөзү боюнча, объект калган бардык проблемалуу мектептер сыяктуу эле өкмөттүн катуу көзөмөлү астында турат. «Алгач №2 мектептин курулушуна 48 миллион сом бөлүү пландаштырылган, ошол эле убакта болгону 24 миллион гана өздөштүрүлгөн. «Центеррадан» түшкөн каражаттар курулушту 2011-жылдын аягына чейин бүтүрүүгө жардам бермекчи», – деп айтты министр.

Курулуш компаниясынын директору Юрий Подлужный белгилегендей, №2 мектепти толук берүү үчүн 30 миллион сом керек.

– Долбоордо суу түтүктөрү жана канализация каралбаган, объектти электр менен жабдуу эске алынбаган. Мектеп райондон көз каранды болбошу үчүн трансформатордук подстанцияга кошуу зарыл. Бул үчүн 3 миллиондон ашуун сом керек. Сырткы тармактардын түзүлүштөрү, суу түтүктөрү жана канализация менен бул сумма дагы миллион сомго көбөйөт. Анын үстүнө долбоордук документацияны иштеп чыгууда айрым курулуш-монтаждык иштерди эске алышпаган, -деп түшүндүрдү ал.

– Кантип мындай болуп калды, эмне, бир катар жагдайлар эске алынбай калганбы? – деп тактады Канат Садыков.

– Долбоор 2007-жылы шашылыш даярдалган. Андан тышкары, ортодон аз эмес убакыт өттү жана курулуш материалдарына баалар өстү. Эгерде мектептин сметалык наркы алгач 36 миллион сом болсо, азыр бул сумма 60 миллионго чейин өстү.

«Министрлер кабинетинин мектептердин окуу жылына даярдыгына арналган акыркы отурумунда биз балдар чатырларда билим алууга аргасыз болгон 13 объект жөнүндө маалымат бердик. Алардын көбү түштүктө – Ош жана Жалал-Абад областтарында. Көбүнчөсү алар 2011-жылдын 20-июлунда болуп өткөн жер титирөөдөн жапа чегишкендер, – деп кошмчалады Канат Садыков. – Азыркы учурда жумушчу комиссия түзүлгөн, анын курамына БжИМдин, Финминдин, Мамкурулуштун өкүлдөрү, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери киришкен. Анын мүчөлөрү каражаттарды бөлүүнүн кезектүүлүгүн аныктоого жана алардын пайдаланылуусунун натыйжалуулугуна көз салууга тийиш. Ош областынын Кара-Суу, Ноокат жана Алай райондорунда 10 мектепти жаңыдан куруу пландаштырылууда. Быйылкы жылы болжол менен сегизге жакын объектинин реконструкциясы жана курулушу аяктамакчы».

«Кыргызалтын» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Осмонбек Артыкбаевдин сөзү боюнча, «Центерранын» жетекчилиги КРнын өкмөтүнүн мектептерди курууга жана реконструкциялоого жардам көрсөтүү өтүнүчүнө тез көңүл бурду. «Биздин алдыбызда бир милдет: бул каражаттарды багыты боюнча жана натыйжалуу өздөштүрүү турат», – деп корутундулады ал.

Ирина Павлова,
24.kg» маалымат агенттиги, 03.10.11 14:01.

Предыдущая публикация«Кумтөр Оперейтинг Компани» «Тоо-кен иши - 2011» тематикалык көргөзмөгө катышты Следующая публикация«Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Стивен Ланг №2 орто мектептин жаңы имаратынын курулушунда болду
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.