«Кумтөрунун» негизги баалуулуктарынын бири «Биздин келечек – биримдикте». Ага жетүүдө командабыздын ар бир мүчөсүнө потенциалын толук ачуу аркылуу компаниябыздын өнүгүшүнө салымын кошо алгандай шарт жаратуубуз милдет.
«Лидерлик ар бирибизде» аттуу программабыз өзгөчө жана баалуу ар кыл инсандарды бириктирүү саякатынын башталышы. Тоо-кен өнөр жайында иштегендердин көбү эркек жумушчулар экенин билебиз, ал эми аял жумушчулар көп учурда бир катар тоскоолдуктарга туш болушат. Ошол себептен соӊку жылдар ичинде объективдүү болобу же субъективдүү болобу бул тоскоолдуктарды жоюу үстүндө бирге иштейбиз. Программа ушул багытта жасалган алгачкы ишеничтүү кадам.
Бул программа «Davis Pier» консультант-компания тарабынан иштелип чыккан. Бул программа КГКнын бардык деңгээлдеги айым жумушчуларына жеткиликтүү, ал эми программага катышуу ыктыярдуу түрдө каралган.
"Кумтөр ГОлд компани"
Персоналындагы аялдардын саны
31.08.2023 карата

«Кумтөр» өзүнүн бардык жумушчулары үчүн гендердик ар түрдүүлүк менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого умтулат. Качан ар бир кызматчынын мыкты жыйынтыктарга умтулуусу баркталып жана колдоо көрсөтүлгөндө гана жумуштун сапатын, өндүрүш көрсөткүчтөрүн, коопсуздукту мыктылоо, ж.о.э. инновациялардын натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүн экендигин жетекчилер командасы жакшы түшүнөт. Бул программанын максаты ушундай. «Лидерлик ар бирибизде» программасы аял кызматкерлердеги лидерликти өнүктүрүүнү көздөйт жана «Кумтөр» жетечилигинин жана кызматкерлеринин, өзгөчө аял жумушчуларынын активдүү катышуусу аркылуу иштелип чыккан программа.
Программаны «Регионалдык чемпиондор» деп аталган айымдардан турган ички топ ишке ашырат. Алар материалды мыкты сиңирүү үчүн туура жеткирүү ыкмаларын өздөштүрүшкөн. Бул аялдар ар кыл деңгээлдеги жана кызматтагы айымдар, ж.о.э. «Кумтөрунун» иш алып барган башка региондорун да камтыйт. Алар программанын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушкан жана «чемпион» катары компания ичинде программаны ишке ашырышат.