«Кумтөр» Мамлекеттик комиссиянын отчетуна жоопторун жарыялайт

Жарыяланган: 22 February 2013

 Kumtor Gold Company Акыркы эки жылда “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКы жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАКы (экөөсү биригип “Кумтөр” деп аталуучу) төрт комиссия тарабынан текшерүүлөрдүн предмети болуп калды. Бул мезгилде “Кумтөр” кен ишканасында мүмкүн болуучу инспекциялар, аудиттер жана баалоолор жүргүзүлдү. “Кумтөр” жумушчу топтору, ар кандай эксперттер, кыргызстандык жана чет элдик окумуштуулар менен кызматташуу менен бардык комиссиялардын ишине өбөлгө түздү. Бул мезгил аралыгында, акыркы Мамлекеттик комиссиянын суроо-талаптарына эле “Кумтөрдүн” адистери 120дан ашуун кеңири жоопторду даярдашты.

Мамлекеттик комиссиянын ишинин натыйжасы катарында комиссиянын үч өзүнчө отчету, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан “Кумтөрдүн” дарегине коюлган төрт доомат жана бир эскертүү болуп калды.

«Кумтөр» Мамлекеттик комиссиянын бир катар корутундулары бөлүнүп алынган, контексттен тышкары цитаталанат жана чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Комиссиянын корутундуларынын айрымдары апыртылган жана чындыкка дал келбейт. «Кумтөр» комиссия койгон дооматтардын көпчүлүгү фактылар менен тастыкталбаган, тыянактар комиссия да, “Кумтөр” да тарабынан изилдөөлөрдүн натыйжаларына жана кен ишканасында тандалып алынган анализге негизделбеген. Дал мына ошондуктан 2013-ж. 4-февралында “Кумтөр” www.kumtor.kg корпоративдик сайтында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан коюлган дооматтарга жоопторду жарыялаган.

Бүгүн, 2013-ж. 22-февралында, компания веб-сайтта Мамлекеттик комиссиянын ар бир отчетуна “Центерра Голд Инк.” компаниясынын жана “Кумтөрдүн” жоопторун жайгаштырды, атап айтканда:

“Кумтөр” долбооруна юридикалык экспертиза жүргүзүү боюнча жумушчу топтун отчетуна жоопту [орусча тилинде];
“Кумтөр” долбооруна экологиялык жана техникалык экспертиза жүргүзүү боюнча жумушчу топтун отчетуна жоопту [орусча тилинде];
“Кумтөр” долбооруна социалдык-экономикалык экспертиза жүргүзүү боюнча жумушчу топтун отчетуна жоопту [орусча тилинде].

“Кумтөр” жана “Центерра” тарабынан Мамлекеттик комиссиянын үч экспертизасы боюнча бул жооптор республиканын коомчулугу жана кызыкдар тараптар “Кумтөрдүн” жана “Центерранын” позициясы, Мамлекеттик комиссияга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлгөн биздин жооптор менен тааныша алуусу үчүн сунуш кылынган.

“Кумтөрдүн” жана “Центерранын” жообун түзгөн жогоруда көрсөтүлгөн үч көз карандысыз документ “Кумтөр” мамлекеттик органдарга гана бербестен, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын таанышуусу үчүн Компания “Кумтөрдүн” веб-сайтына да үзгүлтүксүз жайгаштырган маалыматтарга, пландарга жана отчетторго кошумча болуп саналат.

Биз, “Кумтөр” дайыма Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ачык иштеп келгенин жана иштей бере тургандыгын баса белгилейбиз. “Кумтөр” анын операциялык ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон бардык уруксат берүүчү документтер үчүн дайыма мамлекеттик структураларга кайрылат. Ал гана түгүл, “Кумтөр” курчап турган чөйрөнү кошо алганда, иштин алдыңкы методдорун колдонуу менен тоо-кен казып алуучу компаниялардын эң мыкты практикаларын дайыма карманат жана өнөр жай коопсуздугунун эң катаал эрежелерин сактайт.

“Кумтөр” Кыргызстандын экономикалык туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн ишкананын үзгүлтүксүз иштөөсүнүн маанилүүлүгүн түшүнөт. Мына ошондуктан “Кумтөр” ишин улантат жана бардык жөнгө салынбаган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жана бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу үчүн Кыргыз Республикасынын бийликтери менен конструктивдүү диалогду жүргүзмөкчү.

Предыдущая публикация«Центерра Голд Инк.» компаниянын 2012-жылдын 4-кварталындагы ишинин натыйжалары боюнча дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө билдирет. Следующая публикация5-Канал: “Центерра” менен келишимди денонсациялоо кичи жана орто бизнес үчүн проблемаларды жаратат
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.