«Кумтөр” ишканасынын ишмердүүлүгүндө кандайдыр-бир олуттуу маселелер же олуттуу экологиялык проблемалар аныкталган жок”, – Environmental Resources Management Limited (ERM) көз карандысыз эл аралык консалтингдик компаниясынын эксперттери документтердин анализинин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоонун жана 2012-жылдын октябрында кен ишканасында болуунун жүрүшүндө ушундай корутундуларга келишти.
Ушул жылдын 18-июнундагы “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Депутаттык комиссиянын отчетунда коюлган айыптарга жооп катарында «Центерра Голд Инк.» компаниясынын Директорлор кеңеши ишкананын ишмердүүлүгүнө жана анын экологияга таасирине көз карандысыз баалоо жүргүзүү үчүн алдынкы эл аралык консалтинг компанияларынын бирин тартты жана ага бардык маалыматтарды берди. Эксперттердин отчету өзүнө “Кумтөр” ишканасынын экологиялык көрсөткүчтөрүн баалоону камтыйт жана төмөнкүлөргө тиешелүү:
• Жаратылышты коргоо чараларын башкаруу системасына;
• Биологиялык ар түрдүүлүккө;
• Таштандыны утилдештирүүгө;
• Суу ресурстарын башкарууга;
• Атмосферага парник газдарын чыгарууларга;
• Кен ишканасын жабуу планына.
Отчеттун корутундуларында ERM «компания курчап турган чөйрөгө техногендик таасир этүүнү төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүнү уланткан шарттарда ишканада курчап турган чөйрөгө олуттуу контролдонулбаган таасир этүүнү же келечекте келип чыгууга мүмкүн болгон олуттуу тобокелчиликтерди тапкан жок” деп айтылат. ERM отчетунда алтын өндүрүүчү компаниянын жектекчилиги үчүн ишмердүүлүктүн айрым чөйрөлөрүндө ишти жакшыртуу боюнча рекомендациялар да камтылган. Өз кезегинде, “Кумтөр” компаниясынын менеджменти коюлган маселелерди чечүү үчүн аракеттер планын иштеп чыкты жана мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта бул багытта иштөөнү улантууда.
Environmental Resources Management Limited көз карандысыз консалтинг компаниясы тарабынан даярдалган “Кумтөр” кен ишканасын экологиялык баалоо менен «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» корпоративдүү веб-сайтынан тааныша аласыздар.