Кечээ бир катар маалымат агенттиктеринин сайттарында Кыргыз Республикасынын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору И.Чунуев мырзанын: “…“Кумтөр” боюнча 2009-жылдагы макулдашуу туура эмес ратификацияланган”, – деген билдирүүсү таратылган. Экономикалык өнүктүрүү министри Т.Сариев мырза да бир нече жолу “ратификациядан менчик компания менен макулдашуу эмес, а эл аралык келишимдер гана өтөт” деген пикирди билдирген.
Компания Кыргыз Республикасынын мурдагы бир катар чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттары “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” КРнын мыйзамынын 11-статьясынын негизинде “Кумтөр” боюнча бардык макулдашуулар ратификация процедурасынан өтүүсүн талап кылышканын белгилеп коюуну зарыл деп эсептейт. 2009-жылы сүйлөшүүлөрдүн сериясынан жана “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин, Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен ратификациядан өттү, ошондой эле башка бардык ички мамлекеттик процедуралары өттү, ошолорду өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органынын өкүлдөрү да талап кылышкан. «Центерра» жана «Кумтөр» дайыма эл аралык нормаларды жана Канаданын да, Кыргыз Республикасынын да мыйзамдарынын жоболорун бекем сактап келген жана сактап келүүдө.
Маалымдама үчүн:
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы №89 мыйзамынан үзүндүлөр:
11-статья. Кыргыз Республикасынын ратификацияланууга тийиштүү эл аралык келишимдери
1. Ратификациялануучу келишимдер:
– достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдер;…
– инвестициялар жөнүндө келишимдер;…
– жаратылыш ресурстарын эл аралык укуктун башка субъектилеринин жана чет элдик компаниялардын пайдалануусу жөнүндө келишимдер…