«Кумтɵр Голд Компани» ЖАКы (КГК) Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (КЧКжТЧМА) 2016-жылдын 2-майында бир катар ММКларда тараткан билдирүүсүндɵ уруксат берүүчү документтерди берүүнүн мүмкүн эместигине карата жооп иретинде ведомствонун пресс-релизинде белгиленген бир катар дооматтар боюнча түшүндүрүү берүүнү зарыл деп эсептейт.
КЧКжТЧМА үстүбүздɵгү жылдын 28-апрелинде КГКга кат жөнөтүп, анда бир катар маалыматтарды берүү менен бир катар иш чараларды жүзɵгɵ ашырууну милдеттендирип, Агенттик ошондон андан кийин гана 2016-жылга Борбордук карьерди иштетүүнүн ɵзгɵчɵ планы боюнча экологиялык экспертизаны бере ала турганын кɵрсɵткɵн. КГК кɵрсɵтүлгөн талаптарды дыкаттык менен карап чыгып, мындай корутундуга келген: коюлган талаптар КРдын мыйзамдарынын алкагында КЧКжТЧМА экологиялык маселелер боюнча ɵз уруксаттамаларды берүү үчүн алдын-ала шарт катары жана/же талапт кылынган маалыматтарды берүүгө КГКны милдеттендирген талаптар мыйзамдык негизге ээ эмес. Андан сырткары, КЧКжТЧМА жиберген буйртмасы Агенттиктин буга чейин КГКга экологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн ɵз карамагында бардык зарыл маалыматтарга ээ экендигин тастыктаган мурдагы расмий каттарына карама-каршы болууда.
КГК тɵмɵндɵ КЧКжТЧМАнын ар бирине комментарийине жоопторун келтирет.
«AMEC Earth and Environmental (UK) Ltd» («AMEК») компаниясы тарабынан берилген сунуштар боюнча.
«АМЕК» компаниясы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү тарабынан «Кумтɵр» долбоорун реструкташтыруу маселеси боюнча сүйлɵшүүлɵргɵ байланыштуу жалданып, ал сүйлɵшүүлɵр 2014-жылдын январында «Кумтɵр» долбоорун реструкташтыруу шарттары жɵнүндɵ макулдашууга («РШЖМ») кол коюуга алып келген. Бул Макулдашуу боюнча, «Центерра» АМЕК жана КР Ɵкмɵтү менен АМЕКтин отчетунда камтылган сунуштарды талкуулоого жана РШЖМга кол коюлгандан кийин ал сунуштарды аткаруу боюнча макулдашылган позицияны иштеп чыгууга аракеттенүүгɵ макул болгон. Бирок, КР Ɵкмɵтү «Кумтɵр» долбоорун реструкташтыруу боюнча сүйлɵшүүлɵр процессинен 2015-жылдын декабрында чыккан, демек, РШЖМ эми актуалдуу эмес. Буга карабастан, КГК АМЕКтин сунуштарын жүзɵгɵ ашырууда олуттуу кадамдарды жасады жана аракеттерин улантууда. Бул КГКнын тоо-кен өндүрүшүндөгү алдынкы эл аралык практиканы кыйшаюусуз жактагандыгы, ошондой эле компаниянын КР Ɵкмɵтү менен конструктивдүү кызматташууну улантууга даярдыгын күбɵлɵп турат. Бирок, ачыктык киргизүү үчүн АМЕКтин кандайдыр-бир сунуштарын жүзɵгɵ ашыруу боюнча КГКнын эч кандай юридикалык милдеттенмелери жок экендигин белгилөө зарыл. Ошентсе да, Кумтɵр долбоорун реструкташтыруу процесси аяктай электигине карабастан, КГК сунуштардын кɵпчүлүгүн жүзɵгɵ ашырууда олуттуу кадамдарды жасады.
Курчап турган чɵйрɵнү булгоо тобокелчилигин изилдɵɵ
КГК бул изилдɵɵнү жүргүздү жана алар «Кумтɵр» долбоорун реструкташтыруу шарттары боюнча сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүү учурунда аяктаган. «Кумтɵр» кен ишканасында адамдардын саламаттыгына жана курчап турган чɵйрɵгɵ тобокелчиликтерди баалоо боюнча отчет – жаӊыртылган маалыматтар (2015-ж.)» кɵз карандысыз кеңшчи – «Arcadis Canada Inc.» компаниясы тарабынан аткарылган. КГК бул отчетто «Кумтɵр» кен ишканасынын ɵндүрүштүк ишмердүүлүгүнɵн курчап турган чɵйрɵ жана адамдарга потенциалдуу кесепеттерге сереп салганын белгилейт. Изилдɵɵнүн жүрүшүндɵ адамдар үчүн химиялык уулануунун эч кандай коркунучу аныкталган эмес, ал эми жер үстүндөгү жана суудагы биологиялык түрлɵр үчүн коркунучка келсек, бул коркунучтар минималдуу жана тиешелүү түрдɵ олуттуу эмес катарында бааланганы отчетто жыйынтыкталган.
Рекультивация боюнча маселелер
КЧКжТЧМА 2016-жылдын 2-майындагы билдирүүсүндɵ «Кумтɵр» долбоорун рекультивациялоого тиешелүү үч учурду белгилейт: (а) «Кумтɵр» кен ишканасын рекультивациялоо долбоорун иштеп чыгууну жана сунуштоону; (б) рекультивациялык иш- чараларга финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын финансы мекемелеринин биринде жайгаштырууну; жана (в) рекультивация фондун 2016-жылы толуктоону. КГК бул билдирүүлɵрдүн же тастыктоолордун бири менен да макул эмес.
а)«Кумтɵр» кен ишканасын рекультивациялоо долбоорун иштеп чыгуу жана сунуштоого карата
Ага ылайык, КГК жерлерди рекультивациялоо долбоорун берүүгɵ милдеттүү болгон «Жер казынасы жɵнүндɵ» мыйзамдын 47-беренесинен ал бул долбоорду дал азыркы убакта берүүгɵ тийиштиги келип чыкпайт. Баарынан мурда 47-беренеде рекультивациянын техникалык долбоорун берүүнүн эч кандай так мɵɵнɵттɵрү көрсөтүлгөн эместигин белгилɵɵ зарыл – анда жерлерди рекультивациялоо техникалык долбоордун негизинде жүзɵгɵ ашырылууга тийиштиги гана кɵрсɵтүлɵт. Экинчиден, КР Ɵкмɵтү менен «Центерра Голд» компаниясынын жана КГКнын ортосунда түзүлгɵн 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашууда КГК кен ишканасын жабуунун концептуалдуу (жалпы) планын үч жылда бир жолу, ал эми биротоло жабуу планын –рекультивациялык иштердин пландалган убактан эч болбогондо 24 ай мурда берүүгɵ тийиштиги ачык айтылган. «Кумтɵр» долбоорунун алкагында кен ишканасын эксплуатациядан чыгаруунун эӊ акыркы концептуалдуу планы 2013-жылы берилген жана КГК азыркы учурда жаӊы концептуалдуу планды иштеп чыгууда, ал 2016-жылдын аягына карата бүтүрүлмɵкчү.
б) Рекультивация фондун Кыргыз Республикасынын финансы мекемелеринде жайгаштыруу
КЧКжТЧМАнын КГК финансы активдерин тарабынан Кыргыз Республикасында топтоо үчүн эч кандай чаралар кɵрүлгөн эмес деген тастыктоосу чындыкка дал келбейт. «Кумтɵр» долбоорунун Рекультивация фондун Улуу Британиядан Кыргыз Республикасына которуу жɵнүнүдɵ маселе боюнча компания тарабынан 2011-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын көптөгөн мамлекеттик органдары менен бир катар кеңешмелер өткөрүлгөн. КГК бир нече жолу КРдын кызмат адамдарына жана ɵкмɵттүк мекемелерине, анын ичинде ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев мырзага, андан кийин экономика министри Т.Сариев мырзага, Жаратылыш ресурстарын башкаруу саясаты башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Алимбеков мырзага, андан кийин экономика министринин орун басары С.Муканбетов мырзага Фондду которуу жана бул багытта зарыл болгон кийинки кадамдар боюнча тийиштүү каттарды жɵнɵткɵн. Мындан тышкары, 2013-жылдын 23-апрелинде КГК документациялардын долбоорун Сариев мырзага жана кɵчүрмɵлɵрүн Алимбеков мырзага берген. Бул маселенин кийинки тагдырына кызыгуу менен КГК 2013-жылдын 16-июлунда, 2013-жылдын 23-июлунда, 2013-жылдын 1-октябрында, 2013-жылдын 6-декабрында жана 2014-жылдын 6-мартында бир катар жазуу жүзүндɵгү суроо-талаптарды жɵнɵткɵн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бул маселени чечүүнү тапшырган адамдардан Рекультивация фондун которуу жɵнүндɵ маселени чечүү кандай абалда турганын аныктоо боюнча КГКнын көптөгөн аракеттерине карабастан, ал кызмат адамдары тарабынан эч кандай аракеттер кɵрүлгөн эместиги аныкталып, азыркыга чейин КГК бул суроолорго эч кандай жооп ала элек.
в) Кумтɵр долбоорунун Рекультивация фондуна салымдар
КГК 2016-жылы Рекультивация фондуна каражаттарды которгон эмес деп тастыктоо да чындыкка дал келбейт. КГК Рекультивация фондуна каражаттарды ар жылдык негизде которот. Эӊ акыркы транзакция 3 млн. АКШ доллары суммасында 2016-жылдын 29-мартында жасалган.
Тунган катмарлардын мониторинги
КЧКжТЧМА КГК тарабынан «…[Кумтɵр дарыясында] тунган катмарларга мониторинг жүргүзүлбɵйт» деп тастыктайт. Ɵз тарабынан КГК Кумтɵр дарыясындагы тунган катмарлардын мониторинги АМЕК компаниясы тарабынан анын отчетунда анализделгенин түшүндүрүү зарыл деп эсептейт. Анда АМЕК «…азыркы учурда Кыргызстанда тунган катмарлардын эч кандай сапат стандарттары же бул боюнча нормативдер жок» деп белгилейт, ошондой эле Кыргызстандын жетекчилигинин башкы кɵйгɵйү болуп азыркы кырдаал эмес, Кумтɵр дарыясындагы тунган катмарлардагы эриген металлдардын концентрациясынын жогорулоосуна карата узак мɵɵнɵттүү тенденция санала тургандыгы жɵнүндɵ да билдирет. Ошол эле отчетто АМЕК бул кабатырлануу «…эч кандай негизге ээ эмес, себеби ɵндүрүштүк процесстерден металлдарды (эриген) чыгаруу кɵлɵмү боюнча ɵтɵ аз, мына ошондуктан металлдардын дарыянын тунган катмарларындагы абсорбциясынын кɵбɵйүшү күтүлбɵй» тургандыгы жɵнүндɵ тыянак чыгарат. Мына ошентип, АМЕК, башкача айтканда, КР Ɵкмɵтү тарабынан жалданган экологиялык маселелер боюнча кɵз карандысыз кеңешчи ɵзү мунун «Кумтɵр» долбоорун жүзɵгɵ ашыруудагы тобокелчиликтин башкы фактору деп эсептебейт. КГК мында баамдоого макул болот жана ɵзгɵчɵ Кыргыз Республикасында тиешелүү стандарттар менен нормативдердин жоктугунан улам, тунган катмарлардын мониторинги программасынын максатка ылайыктуулугун кɵрбɵйт. Ошентсе да, КГК бул маселе КЧКжТЧМА тарабынан ɵзгɵчɵ кабатырлануу жараткандыгына түшүнүү менен мамиле жасайт жана Кыргыз Республикасынын маморгандары менен бирдикте тунган катмарларды изилдɵɵ жана анализдɵɵ үчүн иш чаралардын комплексин жүзɵгɵ ашырууга даяр.
Ɵз ишмердүүлүгүндɵ Кумтɵр “Кумтɵр” долбоорун жɵнгɵ салуучу, кыргыз мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык тоо-кен практикасындагы алдынкы тажрыйбага дал келүүчү макулдашууларды жетекчиликке алат. “Кумтɵр” долбоорун жɵнгɵ салуучу макулдашууларга 2009-жылы кол коюлганын жанаал Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү, парламенти жана юстиция министрлиги тарабынан бекитилгендигин эсте тутуу зарыл.