Айрым депутаттардын «Кумтөр» кен ишканасынан жаңы жабдууну ташып чыгарып кетип жаткан имиш деген сөздөрүнө жооп кылып, компания «Кумтөр» кен ишканасынан жабдууларды эч кандай мыйзамсыз ташып чыгарууну жүргүзбөгөндүгүн жана жүргүзүп жатпагандыгын өзгөчө баса көрсөтөт. Компания жер астындагы иштетүү долбоорун жабууга байланыштуу (караңыз: “Центерра” компаниясынын 2012-ж. 7-ноябрындагы пресс-релизи), жумшоолорду оптималдаштыруу максатында компаниянын жетекчилиги тарабынан жер астындагы иштерге гана пайдаланылган техниканы сатуу жөннүдө чечим кабыл алынганын да билдирет. 2013-жылдын февралында бардык жер астындагы жабдуулар кен ишканасынан Балыкчыга өткөөл базага түшүрүлгөн.
2013-ж. 5-мартында корпоративдик сайтта: kumtor.kg компания жер астындагы жабдуулардын 22 бирдигин: жүктөгүчтөрдү, самосвалдарды, бургулоо жабдууларын жана аларга запастык бөлүктөрдү кошо алганда башка көмөкчү жабдууларды сатуу жөнүндө тендер жарыялаган. Пайдаланылган техниканы сатуу жөнүндө жарыялар тоо-кен казып алуу секторунда кабыл алынган практикага ылайык, сайтта да жайгаштырылган: www.miningsurplus.com . Бул жабдуу «Кыргызалтын» ААКсына жана Кыргызстанда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө иштеген башка компанияларга да сунушталган..
Үстүбүздөгү жылда компания бир катар компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана тендердин жеңүүчүсүн аныктады, ал сатууга коюлган бардык жер астындагы жабдууларды жана калган запастык бөлүктөрдү компания үчүн алгылыктуу баада сатып алууга даяр.
Ошондой эле, компания, эл аралык практикага ылайык, мезгил-мезгили менен алардын ремонту кен ишканасынын шарттарында мүмкүн болбогон кымбат баалуу тоо-кен техникасынын түйүндөрүн калыбына келтирүүгө жана техникалык тейлөөгө ташып чыгаарын да баса белгилейт. Акыркы жолу мындай жөнөтүү ушул жылдын ноябрында “Катерпиллердин” Карагандыдагы сервис борборуна жүргүзүлгөн.