Учурда көптөгөн окуялар жана билдирүүлөр Кумтөр кенин өздөштүрүү менен байланышкан. Кенди иштетүүчүлөргө митингдер да, газеталардын биринчи беттери да арналган. Чындык кайда, а кайсы кайсы жерде фактыларды ачык бурмалоо жана ойдон чыгаруулар? Ушул жана башкалар жөнүндө «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер менен маекте берилет.
– Бүт өлкө Кыргызстандагы 2012-жылдын октябрынын башталышындагы окуяларга тынчсыздануу менен байкап турду. Болуп өткөндөр Кумтөр кенин иштетип жаткан компаниянын ишине кандай таасир этти?
– Биз Кыргызстанда болуп жаткандардын баарына тыкан байкоо салып турабыз. Митингдер менен жолдорду тосууга келсек, менин көз карашым боюнча, бул проблемаларды чечүүнү туура эмес варианты. Бардык маселелер ультиматум тилинде эмес, сүйлөшүүлөр, компромисстерди издөө менен чечилүүгө тийиш. Саясий партиялардын аракеттерине баа бере албайм: биз өндүрүшчүбүз жана өз ишибиз – алтын өндүрүү, салыктарды төлөө жана мыйзамдарды сактоо менен алектенүүбүз керек.
Быйыл биз бир катар уникалдуу геотехникалык проблемаларга туш келдик, аларды тез чечүүгө, өндүрүштүк пландарды кайра кароого туура келди. Бирок, кыйынчылыктарга карабастан, биз түштүк-батыш участогунда алтын казып алууга жетишээрлик тез кирише алдык. Биз жылдын жыйынтыктары боюнча 11 тоннага жакын алтын өндүрүлөт деп үмүттөнүп турабыз. Баса белгилеп коеюн, белгиленген көрсөткүчтөрдү аткаруу графикти сактоодон жана иште кандайдыр-бир үзгүлтүктөрдүн жоктугунан көз каранды.
Андан тышкары, биз билдиргенибиздей, кенде жүргүзүлгөн техникалык-финансылык изилдөөлөрдүн натыйжалары запастарды көбөйтүүгө жана «Кумтөр» ишканасын эксплуатациялоо мөөнөтүн 2026-жылга чейин узартууга мүмкүндүк берди. Мына ошентип, алтынга баанын жогору болуусу сакталган учурда компания жакынкы 10 жылда Кыргыз Республикасынын бюджетине 1,5 миллиардга жакын доллар салыктарды төлөмөкчү.
– Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин «Кумтөр» ишканасына сапары компаниянын ишиндеги маанилүү окуя болуп калды. Өлкөнүн жетекчилиги менен диалогду орнотууга мүмкүн болдубу?
– Биз дайыма өлкөнүн жетекчилиги менен диалогго умтулганыбызды белгилеп кетейин. Ар кандай себептерден улам бул дайыма эле мүмкүн болбосо да, конструктивдүү кызматташууга умтулуу дайыма болуп келген. Премьер-министр мырзанын сапары, анын ишкер маанайы жана өндүрүштүк нюанстарды түшүнүүнү каалоосу азыркы өкмөт кызматташууга ниеттенгенин көрсөтүп турат. Иш сапары учурунда биз жалпы пикирге келип, өз ара түшүнүшүүгө жетише алдык. Иш сапары убагында талкууланган бардык маселелерди жана учурда болгон проблемаларды биз биргелешип, аракеттеги мыйзамдардын алкактарында чечүүгө келиштик.
– Компаниянын дарегине ишкананын айрым объектилери – дамба жана калдыктарды сактоочу жай боюнча бир катар айыптоолор бар. Алар алда качантан бери адистер, парламенттин депутаттары жана коомчулук арасында өзгөчө көңүл буруу астында турат. А иштин чыныгы абалы кандай?
– Ооба, бул объектилер чынында көп талаштарды жаратат. Алардын айланасында көптөгөн имиштер бар: дамбанын жырып кетүүсү, экологиялык катастрофа. Дароо айтайын, эки объект тең биздин адистердин үзгүлтүксүз контролу астында турат.
1999-жылы калдыктардын дамбасынын мүмкүн болуучу жылышуусу жөнүндө белгилүү болоор замат андан кийинки анын жылышуусу документалдык катталган жана биз тараптан жергиликтүү контролдоочу органдар менен бирдикте көп сандаган кадыр-барктуу жергиликтүү жана эл аралык инженердик фирмалар (BGC, «Голдер Ассошиейтс», «Сенес», Strathcona ж.б. кошо алганда) менен консультациялар жүргүзүлгөн. Ошол эле парламенттик отчетто туура белгиленгендей, BGC компаниясы азыркы учурда киргизилип жаткан түзөтүүчү чараларды иштеп чыгуу процессине тартылган. Өткөн жети жылда аткарылган иштердин көбү – бул BGC компаниясы 2005-жылы жүргүзгөн көз карандысыз аудиттин натыйжасы. Кийинки изилдөөлөр, негизги рекомендацияларды кошо алганда, акыркы аудит жүргүзүлгөн учурдан берки дамбанын коопсуздугун байкоону камтыйт.
Бул объектилерди эксплуатациялоо маселелери компаниянын адистери менен жума сайын талкууланат, мына ошондуктан тынчсыздануу үчүн себептерди көрбөй турам.
– Мамкомиссиянын иши жөнүндө сурабай кое албайм.
– А бул боюнча сиздин үмүтүңүздү аткара албайм, себеби мамкомиссия ишин аяктаганга чейин аны комментарийлөө этикага жатпайт деп эсептейм. Бир нерсени гана айта алам: компаниянын ишмердүүлүгү боюнча бардык суралган документтерди биз өз убагында жана толук көлөмдө бердик.
Бизде депутаттык комиссиянын отчету боюнча көп суроолор бар, анын тыянактары менен биз макул болгон жокпуз жана ал жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө гана эмес, прессага жана коомчулуктун өкүлдөрүнө да ачык айттык. Отчеттогу талаш учурларга жана анын мазмунун объективдүү анализдөө зарылчылыгына байланыштуу биз америкалык «Призма» компаниясын тарттык, ал көз карандысыз консультацияларды жана аудит көрсөтүүдө.
– Эмне үчүн аны?
– Компания «Центерранын» акцияларын кармоочулардын ортосундагы жана Кыргызстандын комиссияларынын «Кумтөр» жөнүндө бир катар акыркы отчетторунун мазмунунун жана корутундуларынын мыйзамдуулугу жөнүндө келип чыккан талаштарды чечүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тартылган. Компаниянын эксперттери жүргүзгөн экспертизага корпоративдүү социалдык жоопкерчиликти жана курчап турган чөйрөнү коргоону, кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүн жана өнүгүүнүн туруктуулугун, ошондой эле ЭФКнын өндүрүштүк стандарттарын жана ага окшош эл аралык критерийлерди колдонууну баалоо жана аудити кирет. Бул компанияда эл аралык арбитраждык отурумдарда күбө-эксперттин кызматын көрсөтүү боюнча тажрыйба бар.
– Акыркы мезгилде компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн көптөгөн комиссиялардын иши жөнүндө сөз башталып кеткенден кийин, дагы бир учурду тактагыбыз келет. Өз отчетунда депутаттык комиссия компания иштеген жылдары Кыргызстандан 250 тоннага жакын алтын ташылып чыгып, а өлкөгө бир жарым тоннадан азы калганын белгилеген. Канадалык инвестор кантип өлкөдөн алтынды жашыруун алып чыгып кете алды?
– Жакшы суроо (күлөт). Анан дагы биздин ишканада самолет конуучу тилке бар жана жумасына бир жолу самолет Канададан учуп келип, аны менен биз алтынды Канадага ташыйт экенбиз. Бирок мага андан да биз Лондонго чейин тоннель казып койгондугубуз, ал боюнча алтын куймаларын – Лондон биржасына окшойт – ташып кетип жаткандыгыбыз жөнүндө имиш жагат. Мындай болгондо Компания Гиннестин рекорддор китебине билдирме берсе болот, бул дүйнөдөгү эң узун тоннель болмок. Менимче, буга чейин эң узун тоннель катары Япониядагы Сэйкан тоннели (53 км 850 м) эсептелчү.
А тамашасы жок айтсак, компания тарабынан бир грамм да алтын Кыргызстандын территориясынан ташылып кеткен жок. «Кумтөрдө» өндүрүлгөн алтын, бул биздин компания, «Кыргызалтын» жана өлкөнүн өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, «Кыргызалтын» ААКсы тарабынан аны аффинаждык заводдо кайра иштетүү жана андан ары сатып өткөрүү үчүн сатып алынат. КРда жана анын чектеринен тышкары аффинаждалган алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү укугуна «Кыргызалтын» гана ээ. Биздин компанияда баалуу металлды сатуу менен алектенүү үчүн мыйзамдык укук да, лицензия да жок.
Цифраларга келсек, 1997-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде алтынды сатып өткөрүүдөн алынган каражат 4,86 миллиард долларды түзгөн. Анын ичнен Кыргызстандагы төлөмдөр 1994-жылдан 2011-жылга чейин 1,85 миллиард долларга жеткен, анын 669,64 миллион доллары – салыктар, милдеттүү төлөмдөр жана дивиденддер. Өндүрүштүн капиталдык чыгымдары – 1,22 миллиард долларга жакын. Буга геологиялык чалгындоого чыгымдарды (110,87 миллион доллар), кенди иштетүүгө байланышкан өндүрүштүк жана башка чыгымдарды (2,37 миллиард доллар) кошуңуздар. Акциялардын эң чоң пакетине – 32,75 пайызга жакын – ээлик кылган Кыргызстандан башка акционерлердин дивиденддери 95 миллион долларды түздү. Компаниянын бардык мезгил аралыгындагы таза кирешеси 395 миллион долларга жакынды түзөт. Сумма анчалык чоң эмес.
– А натуралдык эквивалент менен алгандачы? Айрым депутаттардын пикирлери боюнча өлкөдө калды деген 1,4 тонна алтын цифрасы кайдан чыкты?
– 1,4 тонна алтын – дивиденддердин натуралай эквиваленти. Депутаттык комиссия 44,41 миллион доллар өлчөмүндөгү төлөнгөн дивиденддерди алтындын орточо баасы менен кайра эсептеп чыккан. Минтип алтындын орточо рыноктук баасы боюнча компания Кыргызстандын территориясында төлөгөн бардык төлөмдөрдү да кайра эсептеп чыгууга болот (а бул 1,85 миллиард доллар экенин эске салалы) – анда 90 тоннага жакын алтынды алабыз. Бул чоң сан экенине макул болосуз!
– Аны «Кумтөр» менен байланыштырышкан жана ал дагы көп чуулдаң жараткан дагы бир тема – экология. Компания тарабынан экологиялык кырдаалды сактоонун жана биологиялык ар түрдүүлүктү өнүктүрүүнүн алкактарында эмнелер жасалууда?
– Экологияны сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү өнүктүрүү компаниянын ишинин маанилүү приоритеттери. Өз ишмердүүлүгүндө компания бир катар эл аралык финансы институттарынын өнөр жайлык жана экологиялык стандарттарын карманат. «Кумтөр Оперейтинг Компани» бул чөйрөдө Канадада жана Кыргызстанда болгон, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банк рекомендациялаган талаптарды кыйшаюусуз аткарууда. Өндүрүштө эки өлкөдө болгон жана эл аралык институттар рекомендация берген эң катаал нормативдер колдонулат.
Октябрда Бишкекте эксперттердин, экологдордун жана ӨЭУлардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда «Кумтөр» ишканасына жакын жердеги биологиялык ар түрдүүлүктү башкаруу стратегиясын иштеп чыгууга арналган семинар болуп өттү. Компания биологиялык ар түрдүүлүктү өнүктүрүү боюнча өзүнүн стратегиясын жана планын 2012-жылдын аягында эле жүзөгө ашырууга киришүүгө даяр. Стратегиянын алкактарында «Кумтөр» бир катар биринчи кезектеги программаларды колдоого даяр, алар жылдын аягында жарыяланмакчы.
– Сиздер конфликттерди алдын алуу өңүтүндө жергиликтүү жамаат менен кандай иштеп жатасыздар?
– Ийгиликтүү бизнестин постулаттарынын бири төмөнкүдөй: таза жана ачык бизнес жүргүзүп жаткан компания анын ишмердүүлүгү менен байланышкан потенциалдуу конфликттердин көпчүлүгүн болтурбоого жөндөмдүү. Бизнес жүргүзүүнүн ачыктыгы дегенде тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгүнүн финансылык тарабы эле эмес, анын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы да түшүнүлөт, башкача айтканда, жергиликтүү калкка кен кандай иштетилип жаткандыгы түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу керек. Бул өңүттө акыркы жылдар аралыгында КОКтун жетекчилиги компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө бардык зарыл маалыматты жарыялоо менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулук менен конструктивдүү диалогду жүргүзүүдө.
Андан тышкары, ар кандай конфликтти ал болуп кеткенден кийин ишкер репутацияны жана эң башкысы, жергиликтүү жамааттын ишенимин калыбына келтиргенден көрө, болтурбай койгон жеңил. Компаниянын бул багыттагы ишмердүүлүгүнүн приоритети болуп компаниянын негизги өндүрүштүк объектилери жайгашкан региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө катышуусунан (социалдык жана маданий өнүктүрүүнүн кайрымдуулук программаларын кошо алганда); коомдук демилгелерди, жарандык коомдун институттарын колдоодон турган жергиликтүү шериктештик менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү болуп саналат.
– Мыйзамченемдүү суроо: сиздер тараптан региондо кандай социалдык программалар киргизилүүдө жана жүзөгө ашырылууда? Кайсылары ийгиликтүү, а кайсылары түзөтүүлөрдү талап кылат?
– Областтын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кетүүчү Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна чегерүүлөрдөн тышкары, компания өз бюджетинен бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырууда. Эң ийгиликтүүсү микрокредиттик агенттиктердин тамагын түзүү болуп калды, алар айылдыктарга өздөрүнүн чакан бизнесин уюштуруу үчүн жеткиликтүү кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Элетте финансылоого жеткиликтүүлүк проблемасы дайыма болуп келген, ошондуктан бул долбоорду эки районго жана Балыкчы шаарына кеңейттик. А биз Герман техникалык кызматташуу коому, «Бир айыл – бир продукт» программасы, «Евразия» фонду менен бирге жүргүзүп жаткан бизнес-семинарлар адамдарга туура багыт алууга жана өз бизнесин уюштурууга жардам берет деп ойлойм. Бул биздин Көл кылаасын өнүктүрүүгө кошкон салымыбыздын мисалдарынын бири.
– Фишер мырза, сиздерде ийгиликтин рецептти барбы? Кен иштелилип жаткан региондо кантип «өз бала» болуп калууга болот?
– Өзүмдүн бүтүндөй эмгек ишмердүүлүгүмдө, мен кайсы гана жерде, кайсы гана өлкөдө жана кайсы гана континетте иштебейин, менин алдымда эч качан мындай милдет – өз бала болуу – турган эмес. Эң маанилүүсү – сени менен баарлашкан жана иштешкен адамдар сага ишениши үчүн, таза болуп, чындыкты айтуу. Анан дагы – кыйын суроолорго жооп бере билүү, катачылыктарды моюнга алуудан коркпоо керек.
– Сиздин көз карашыңыз боюнча, КРнын бийликтери менен кызматташуунун негизинде эмне турушу керек жана аны өнүктүрүү үчүн бийликтер эмне жасоосу зарыл?
– Бүгүн өкмөт үчүн эң башкы приоритеттердин бири – экономиканы туруксуздуктан коргоо, чет элдик инвестицияларды коргоо болушу керектигине ишенем. Артка мыйзамдык күчкө ээ болбогон түшүнүктүү кепилдиктер болууга тийиш. Башкы проблемаларды чечүүнүн: коррупция менен күрөшүүнүн, ачыктыкты күчөтүүнүн, реформаларды улантуунун зарылдыгын баары түшүнгөндүгү кубанычтуу.
Источник: ИА «24.КГ»