“Центерра Голд Инк.” компаниясы Кыргыз Республикасындагы «Кумтөр» ишканасы өлкөнүн мамлекеттик органдарынан туюккап дамбасын 3674 метр бийиктикке чейин жогорулатууга уруксат берүүчү документтерди алганын билдирет.
Бул уруксат 2021-2024-жылдар аралыгында фабрикада кайра иштетиле турган руданын калдыктарын сактоого жетиштүү көлөмдөгү курулуштун төрт жылдык программасын жүзөгө ашырып баштоого мүмкүндүк берет. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, бул объектини курууга каралган жалпы 32 млн доллар өлчөмүндөгү жумшоолордун 11 млн доллары (2017-ж. план боюнча) өздөштүрүлмөкчү.
2020-жылы курулуштун баштапкы этабын аяктагандан кийин кен ишканасы 2021-жылдан баштап дамбанын эң соңку чеги 3677,5 метрге чейин жогорулатуу долбоорун берүүгө тийиш. Келечекте, туюккап дамбасынын куруу иштерин бүтүрүгө зарыл уруксаттарды компания кадимки тартипте аларына үмүттөнөт.
Центерра жөнүндө
“Centerra Gold Inc.” (Центерра) компаниясы Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка региондорунда алтын кендерин эксплуатациялоо, кайра иштетүү, чалгындоо жана алуу менен алектенген канадалык алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компаниянын штаб-квартирасы Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан. Центерра жөнүндө кошумча маалымат компаниянын www.centerragold.com сайтында жана SEDAR www.sedar.com издөө системасында жайгашкан.
Маалыматтык билдирүүнүн толук тексти компаниянын сайтында: http://www.centerragold.com/investor/news-releases
Центерра жөнүндө маалымат компаниянын www.centerragold.com сайтында жана SEDAR www.sedar.com издөө системасында жайгашат.