“Центерра Голд Инк.” компаниясы Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтөр кен ишканасынын Борбордук карьеринин чектерин кеңейтилишине байланыштуу өзүнүн техникалык-финансылык изилдөөлөрүнүн натыйжалары жөнүндө билдирет.
• Тастыкталган жана прогноздолгон запастар 58%га көбөйгөн жана рудадагы 3,6 млн. унция алтын көлөмүнө жеткен. Ошентип, азыр жалпы карьердик запастар рудадагы 9,7 млн. унция алтынды түзөт.
• Кен ишканасын эксплуатациялоо мөөнөтү 5 жылга узартылган жана эми KS-13 карьеринин контурлары үчүн тоо-кен иштеринин планы менен ачык тоо-кен иштерин жүргүзүү мезгили 2023-жылга чейин, а руданы алтын ылгоочу фабрикада кайра иштетүү мезгили – 2026-жылга чейин узартылган.
• Келечекте жер астындагы тоо-кен иштерине өтүү маселелери сакталуу менен ачык тоо-кен иштеринин планын оптималдаштыруу жүргүзүлгөн.
• Алтынды орточо жылдык өндүрүүнү жакынкы 10 жыл аралыгында 650 миң унция көлөмүнө пландуу жеткирүү милдети коюлууда.
• Алтын ылгоочу фабрикада руданы кайра иштетүүнүн көлөмүн 2016-жылы 18%га көбөйтүү жана жылдык орточо көлөмдү 6,7 млн. тонна (күнүнө 18 400 тоннага жакын) рудага жеткирүү белгиленүүдө.
• Тоо-кен иштеринин көлөмүн арттыруу максатында 169 млн. доллар көлөмүндө капиталдык салымдар бөлүнмөкчү, ошондой эле кыртышты ачуу иштеринин наркын эсепке албаганда, негизги фонддорду модернизациялоого 557 млн. доллар жумшалмакчы.
• Тоо-кен иштеринин планына ылайык, эксплуатациялык чыгымдардын, кыртышты ачуу иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын жалпы көлөмү жана алтындын бир унциясын өндүрүүгө капиталдык чыгымдардын деңгээли, алтындын баасы унциясына 1350 доллар болгондо, дүң кирешеге салыкты эсепке албаганда 728 доллар* көлөмүндө, же дүң кирешеге салыкты эсепке алганда 917 доллар көлөмүндө алдын ала каралган.
• Дисконттун ставкасы 8% болгондо жана алтындын баасы унциясына 1350 доллар болгондо 1,9 млрд. доллар өлчөмүндө таза келтирилген нарк (ТКН) же алтындын баасы унциясына 1700 доллар болгондо 3,4 млрд. доллар өлчөмүндө ТКН каралууда.
• Тоо-кен иштеринин планын түзөтүүдө 1- жана 2-жер астына түшүүчү жерлерди жайгаштыруу боюнча иштердин көпчүлүгү ачык тоо-кен иштеринин көбөйгөн көлөмү менен жабылып кете тургандыгы каралган. Планга ылайык, жер астына түшүүчү жерлерди жайгаштыруу боюнча бардык иштер токтотулган. Алдын-ала бааланган жер астындагы ресурстарды өздөштүрүү боюнча мындан аркы иштер кийинки чалгындоочу бургулоонун жана кенди деталдык иликтөөнүн натыйжаларына жараша болмокчу. Жер астындагы өндүрүш менен байланышкан ар кандай иштер 2018-жылы SB зонасында ачык тоо-кен иштерин аяктагандан кийин гана баштала алмакчы.
Бардык акчалай суммалар АКШ доллары менен көрсөтүлөт.
* Натыйжалуулуктун көрсөткүчү, таанылбаган ГААП өзүнө бардык эксплуатациялык чыгымдарды жана капиталдык чыгымдардын бардык түрлөрүн (өнүктүрүүгө, негизги фонддорду модернизациялоого жана кыртышты ачуу иштерин жүргүзүүгө) камтыйт.
“Центерра Голд Инк.” компаниясынын Президенти жана Башкы кызмат адамы Иан Аткинсон: “Биз Кумтөрдө Борбордук карьердин чектик контурларын кеңейтүүгө мүмкүндүк берген техникалык-финансылык изилдөөлөрдүн нгатыйжаларына шыктануудабыз. Бул жаңы чектердеги карьер «Кумтөр» долбоорунун таза келтирилген наркын олуттуу көбөйтүүгө жана анын эксплуатациялоо мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк бермекчи. Жүргүзүлгөн изилдөө тоо-кен иштерин оптималдаштырууга жана аз тобокелчиликтер менен пайдасын максималдаштырууга мүмкүндүк берди.
Запастардын көбөйүшү жана кен ишканасын эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу, алтынга баа 1350 доллар болгондо, Кыргыз Республикасынын бюджетине 1,5 млрд. долларга жакын салыктарды төлөөгө мүмкүндүк бермекчи, ошондой эле кен ишканасын эксплуатациялоонун бардык мөөнөтүндө жумуштуулук проблемасын чечип жана регионалдык өнүгүүнү камсыз кылмакчы”.