Кумтөр боюнча келишим кайра каралбайт

Жарыяланган: 03 October 2012

Кумтөр боюнча келишим кайра каралбайт“Центерра голд” компаниясы менен Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишимди кайра карап чыкпайт, бардык маселелерди соңку келишимдин негизинде чечишет. Бул жөнүндө “Центерра” компаниясынын президенти Ян Аткинсон билдирди.

“Центерра голд” компаниясынын президенти кыргыз өкмөтүнүн чечимине канааттанганын билдирген сөзүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Кумтор алтын кенине барып кеткенден кийин айтып отурат. Премьер-министр 1-октябрда алтын кенине иш сапар менен барып, ал жактагы өндүрүш менен таанышып, компаниянын жетекчилиги менен кеңешме куруп, талаш туудурган маселелерди талкуулады.

“Президент Ян Аткинсон Кумтор жана Центерра бардык мамлекеттик органдар менен жана компаниянын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссия менен кызматташа турганын жана бардык маселелерди процесстин өзүндө чечише турганын баса белгиледи”,-деди “Кумтор голд” компаниясынын басма сөз катчысы Сергей Дедюхин.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өз кезегинде канадалык компаниянын жетекчилигинин сөзүн ырастап билдирүү кыла элек. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, премьер-министр Кумтөр кениндеги кеңешмеде экологиялык нормаларды сактоо жана эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук маселелерин мамлекеттик комиссия иштеп жаткан маалда чечүү зарыл экенин баса белгилеген.

Ушул жылы жайында Кыргызстандын парламенти канадалык компаниянын ишин карап чыгып, чоң экологиялык жана экономикалык зыян алып келүүдө деген негизде анын ишин текшерип чыгуу үчүн мамлекеттик комиссия түзгөн. Мамлекеттик комиссия 1-октябрда парламентке отчет бериши керек эле, бирок убакыты жетишпей мөөнөтүн узартып алды.

Кумтөр кени канадалык компанияга жыйырма жыл мурда берилген. Кен ишке кирген 1997-жылдан бери баардыгы 260 тонна алтын казылып алынган. Андан бери ортодогу келишим үч жолу жаңыртылган.

Кээ бир парламент депутаттары ошол келишимдердин баарында Кыргызстан тараптын кызыкчылыгы такыр корголбой, коррупциялык келишим түзүлүп калган деп аны токтотууну талап кылышууда. Кумтөр алтын кенине барып келген депутаттык комиссия мөңгүлөргө уулуу заттар төгүлүп, экологияга олуттуу зыян келип жатканын билдирүүдө.

Өкмөт өз кезегинде экологиялык зыяндын көлөмүн так аныктап туруп гана канадалык компанияга доо коюу керек деген деген позицияда болууда.

BBC Кыргыз Кызматы

[flashvideo filename=wp-content/uploads/2012/10/NTS-kg-01.10.2012.flv image=”https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2012/10/PremiernaKumtore.jpg” /]

Предыдущая публикацияКумтөрчүнүн кызыктуу күндөлүгү Следующая публикация“Кумтөр” боюнча парламенттик комиссиянын отчетунун Көз карандысыз экспертизасынын натыйжалары жарыяланды
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.