«Ысык-Кɵл облусунун жаштар банктары» эки жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарышты

«Ысык-Кɵл облусунун жаштар банктары» эки жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарышты

Жарыяланган: 26 February 2015

Кечээ, 25-февралда, Бишкекте «Жаштардын жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ катышуусу» улуттук конференциясы болуп ɵттү, ал «Кумтɵр» компаниясынын каржылык колдоосу астында Борбор Азиядагы Евразия фонду (БАЕФ) жүзɵгɵ ашырып жаткан «Ысык-Кɵл облусунун жаштар банктары» долбоорунун алкагында уюштурулган.
Мамлекеттик органдардын, жаштар кыймылдарынын, эл аралык жана ɵкмɵттүк эмес уюмдардын ɵкүлдɵрү жолугушууда жаштарды жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ тартуунун натыйжалуу жолдорун талкуулашты.

Жолугушууда долбоордун мүчɵлɵрү жана катышуучулары эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жана ɵкмɵттүк эмес сектордун ɵкүлдɵрүнɵн сунуштоолорду угушуп, тажрыйбалары бөлүшүп, жаштарга баалуу кеӊештерин айтышты. Фокус топтордун жүрүшүндɵ жаштар бийлик органдары жана Кыргызстандын жаштарынын потенциалын бекемдɵɵгɵ кызыкдар эл аралык уюмдар менен кызматташууну бекемдөө үчүн сунуштарды иштеп чыгууга жетишти.

«Жаштар менен ɵз ара аракеттенүү компаниянын Ысык-Кɵл облусун туруктуу ɵнүктүрүү боюнча стратегиясынын приоритеттеринде. Ушундан улам, компания «Ысык-Кɵл облусунун жаштар банктары» долбоорун колдоого алып, жаштарга ɵз идеяларын жүзɵгɵ ашыруга жана активдүү жарандык позициясын билдирүүгɵ мүмкүндүк түзөт. Эки жыл аралыгында долбоордун алкагында компания билим берүүнү жакшыртууга, спортту менен сергек жашоону жайылтууга, маданий жана экологиялык иш чараларды колдоого 300 миӊ доллар жумшаган. Бул демилгелер жергиликтүү жамааттарга пайда алып келгенине ишенем», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» президенти Дэниел Дежарден.

Ɵз кезегинде КРнын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев ведомствонун жаштар потенциалын жогорулатуудагы ишмердүүлүгү жɵнүндɵ айтып берди. «Мисалы, алардын милдетине жаштар ишкердигин колдоо кирген жаштар борборлорун түзүү абдан ийгиликтүү болуп калды. Мында мен БАЕФке жана «Кумтɵр» компаниясына жаштар демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирем», – деп баса белгиледи Нуралиев.

ФЕЦАнын аткаруучу директору Динара Мусабекова эки жылда «Жаштар банктары» жакшы натыйжаларга жетишкенин белгиледи. 140тан ашуун социалдык долбоорлор жүзɵгɵ ашырылган. «Биз Ысык-Кɵл облусунун жаштарын колдогон «Кумтɵр» компаниясына тереӊ ыраазыбыз. Мен башка ири компанияларды да мындай узак мɵɵнɵттүү жаштар демилгелерин колдоого чакырат элем. Биздин жаштар жүзɵгɵ ашырууга даяр кɵптɵгɵн идеялар бар», – деп айтты Мусабекова.