Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 75 жылдыгына карата «Кумтөр Голд Компани» Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы, ошондой эле Балыкчы шаарындагы Улуу Ата Мекендик 198 согуштун, ооруктун ардагерлерин жана ардагерлердин жесирлерине демөөрчүлүк жардам көрсөттү. Компания жалпы баасы, жеткирип берүүнү кошкондо, 422 миң сомго азык-түлүк топтомдорун тапшырды.
Азыркы учурда Балыкчы шаарында 2 ардагер, оорукта эмгектенгендер жана жесирлер – 32; Тоң районунда ардагерлер – 3, оорукта эмгектенгендер жана жесирлер – 75; Жети-Өгүз районундагы ардагерлер – 6, оорукта эмгектенгендер жана жесирлер – 80. Баары 11 ардагер жана 187 оорукта эмгектенгендер жана ардагерлердин жесирлери демөөрчүлүк жардам алышты.
Ардагерлерди куттуктоо салты компанияда көп жыл мурда түптөлгөн. «Кумтөр Голд Компани» жылыга ардагерлерге азык-түлүк топтомдорун алып жеткирип, майрамдык иш чараларды өткөрүүгө финансылык колдоо көрсөтөт.