“ЦЕНТЕРРА ГОЛД” КОМПАНИЯСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛЫК МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА КАБАР БИЛДИРЕТ

“ЦЕНТЕРРА ГОЛД” КОМПАНИЯСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛЫК МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА КАБАР БИЛДИРЕТ

Жарыяланган: 29 May 2019

ТОРОНТО, КАНАДА – 28-май, 2019-ж. –”Центерра Голд Инк.” компаниясы (TSX:CG) (мындан ары – “Центерра” же Компания), бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн Айлана-чɵйрɵнү коргоо жана инвестицияларды ɵнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин (мындан ары – Стратегиялык келишим) алкагында биринчи акыркы мөөнөттү узартуу боюнча макулдашууга жеткендиги тууралуу билдирди. Биринчи акыркы мөөнөт – бул ал келгенге чейин Стратегиялык макулдашуунун күчүнө киришин алдын-алуучу бардык шарттар аткарылууга тийиш болгон дата. Биринчи акыркы мɵɵнɵт 2019-жылдын 31-майынан 2019-жылдын 31-июлуна чейин узартылды. Компания Стратегиялык келишимди күчкɵ кирүүсун камсыздаган бардык шарттарды тезинен аткаруу максатында Кыргыз Өкмөтү менен иштешүүнү улантат.

“Центерра Голд” компаниясы жɵнүндɵ

“Центерра Голд Инк.” —Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка аймактарында алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгө, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын казып алуучу компания болуп саналат. “Центерра Голд” – Борбор Азияда иштеген батыштын эң ири алтын өндүрүүчү компаниясы. Центерранын негизги активдери болуп Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтɵр кени жана Канаданын Британ Колумбиясындагы Маунт Миллиган кени эсептелет.  Азыркы тапта компания дагы бир алтын казып алуучу ишкананы куруп жаткан кези – ал компанияга 100% таандык Туркиядагы жайгашкан Өксүт кени. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) “CG” символу астында жүгүртүлөт. Компаниянын башкы кеңсеси Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кошумча маалымат үчүн:

Джон У. Пирсон, инвесторлор менен байланыштар боюнча Вице-Президент
john.pearson@centerragold.com

“Центерра Голдк” жөнүндө кошумча маалымат компаниянын вебсайтында (www.centerragold.com) жана SEDAR маалыматтык-электрондук издөө системасында (www.sedar.com) жеткиликтүү.