«Центерра Голд» компаниясы Кыргыз Республикасы менен страгеиялык макулдашуу боюнча акыркы маалыматтарды кабарлады

«Центерра Голд» компаниясы Кыргыз Республикасы менен страгеиялык макулдашуу боюнча акыркы маалыматтарды кабарлады

Жарыяланган: 24 August 2018

ТОРОНТО, КАНАДА – 2018-ж. 22-август – “Центерра Голд Инк” Компаниясы (Торонто фондулук биржасында (TSX) символу: CG) (кийинкиде – “Центерра”) Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча Стратегиялык макулдашуудагы Биринчи соңку мөөнөттүн узартылышын билдирди.

Биринчи соңку мөөнөт – бул, Стратегиялык макулдашуу күчүнө киргенге чейинки бардык шарттар аткарылып бүтө турган дата. Ал дата бардык тараптардын макулдугу боюнча 2018-жылдын 24-августунан 2018-жыл, 2-ноябрга кайрадан жылдырылды.

Компания Стратегиялык макулдашуу күчүнө киргенге чейинки бардык шарттар аткарылышы, анын ичинде айрым териштирүүлөдүн токтотулушу жана жер тилкесин пайдалануу укугун тастыктоочу кол коюлган күбөлүктү алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташууну улантууда.

«Центерра» компаниясы жөнүндө

«Центерра Голд» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алек, Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100% ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада негизделет.

Кошумча маалымат үчүн инвесторлор менен байланыштар боюнча Вице-президент Джоном В. Пирсон мырзага (416) 204-1953 телефону же john.pearson@centerragold.com электрондук дарегине кайрылсаңыз болот.
“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com системасында жана www.centerragold.com жана сайтында.

– Билдирүүнүн соңу –