«Центерра Голд» компаниясынын Кыргыз Республикасы менен Стратегиялык макулдашууга карата кошумча билдирүүсү

«Центерра Голд» компаниясынын Кыргыз Республикасы менен Стратегиялык макулдашууга карата кошумча билдирүүсү

Жарыяланган: 18 July 2018

ТОРОНТО, КАНАДА – 16-июль, 2018-ж. «Центерра Голд» компаниясы бүгүн Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен 2017-ж. 11-сентябрында түзүлгɵн Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана инвестицияларды алдыга жылдыруу боюнча стратегиялык макулдашуунун (мындан ары – «Стратегиялык макулдашуу») алкагында алдын-ала шарттарды аткаруунун биринчи датасын жаңы узартууга карата Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен макулдашууга жетишилгендиги жɵнүндɵ билдирди. Алдын-ала шарттарды аткаруунун биринчи датасы болуп ал башталганга чейин Стратегиялык макулдашуунун күчүнɵ киришинин алдын алган бардык шарттардын аткарылган датасы саналат, жана ал бардык тараптардын макулдашуусу боюнча дагы бир жолу 2018-ж. 23-июлунан 24-августка чейин узартылды.

Компания белгилүү бир соттук териштирүүлɵрдү толктотууну жана жерди пайдаланууга укукка талаптагыдай түрдɵ таризделген уруксаттарды алууну кошо алганда, Стратегиялык макулдашуунун алдын-алуучу калган шарттарды аткарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен кызматташууну улантат.

 «Центерра» компаниясы жɵнүндɵ

«Центерра Голд» – Түндүк Америкада, Азияда жана бүтүндɵй дүйнɵ боюнча башка региондордо алтын активдерин казып алууга, иштетүүгɵ, геологиялык чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын казып алуучу компания. «Центерра» эки эң ири активди – Кыргыз Республикасында «Кумтɵр» кен ишканасын жана Канаданын Британдык Колумбия провинциясында «Маунт Миллиган» кен ишканасын иштетүүдɵ, – жана Борбор Азияда иштеген эң ири батыштык алтын казып алуучу компания болуп саналат. Азыркы учурда «Центерра» компаниянын 100% менчиги болуп саналган «Оксют Голд» долбоорунун алкагында Түркияда ɵзүнүн кезектеги алтын казып алуучу кен ишканасынын инфраструктура объектилерин куруп жатат. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлɵт. Компаниянын башкы офиси Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан.

Кошумча маалымат алуу үчүн Инвесторлор менен байланыштар боюнча вице-президент Джон В.Пирсон менен тɵмɵнкү тел. (416) 204-1953 же электрондук почта боюнча байланыша аласыздар: john.pearson@centerragold.com

«Центерра Голд Инк.» жɵнүндɵ кошумча маалымат менен компаниянын веб-сайтында www.centerragold.com дареги, ошондой эле SEDAR электрондук анализ жана документтерди издɵɵ системасында  www.sedar.com дареги боюнча тааныша аласыздар.

– билдирүүнүн аягы –